Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Төрөкул Дооров, Прага. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка шейшембиде 19 жыл толду. 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль АЭСинде болгон жардыруу учурунда миң тоннача химиялык зат күйүп, радиация Украинанын, Беларусь менен түндүк Европанын айрым бөлүктөрүнө жайылып кеткен. Анын кесепетинен миллиондогон адамдар жапа тарткандыгы белгилүү. Шейшембиде каргашалуу окуянын курмандыктарын эскерүү чаралары Украинада жана Беларусь менен Орусияда өткөрүлдү.

Украина менен Беларусь - Чернобыль кырсыгынан баарынан көп жапа тарткан мамлекеттер.

Дегинкиси, адам тарыхындагы эң чоң ядролук кырсык Украинада болгону менен андан Беларусь республикасы көбүрөөк жоготууларга учураган. Авариядан абага таркаган радиоактивдүү шамалдын 70% Беларуска жайылып, өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн каптап кеткен. Ошол заардуу аба жайылган жерде бир жарым миллион адам жашачу. Алардын 420 миңи жаш балдар.

Валерий Карбалевич – Минскдеги саясий стратегиялык борбордун аналитиги. Ал Чернобыль кырсыгынын күнүн эскерүү иши жылдан-жылга майнапсыз көнүмүшкө айланып баратат дейт.

- Бүгүн оппозиция элди чогултуп, президенттин администрациясына өзүнүн жеке сунуш-талаптарын билдирген петиция тапшырууга чакырды. Андан ары шаардын четинде эскерүү чарасын өткөрөөрүн кабарлады.

Чернобылдагы өзөктүк кырсыктын күнүн белгилөөнүн Беларуста саясий мааниси өзгөчө жогору. Анткени кырсыктын кесепети көптөгөн жылдар бою чечилбей келди. Эл арасында бул көрүнүш алгач Советтер Союзунун алдамчылыгы катарында символдоштурулса, кийинчерээк бул күн өлкөдөгү оппозициянын нааразылык билдирүү күнүнө айланды.

Анткен менен жума күнү оппозиция демонстрацияга чыкпайт. Карбалевичтин айтымында, бул да соңку жылдары эл каргашалуу окуяларды акырындап эсинен чыгара баштаганынын далили болсо керек. Ошол эле учурда, кырсык келтирген ири экономикалык, социалдык жана саясий, анан калса, моралдык да проблемалар азырга чейин Беларуста даана байкалат дейт ал.

- Проблема чечиле элек, ал дале бар. Кырсыктан калган терс көрүнүштөр дале такыр жок болуп кетпеди. Проблемалар көбөйүп жатканы менен эл аларга көп деле көнүл бурбай калды десем болот. Анын үстүнө мамлекет деле аларга аз көңүл бөлө баштады.

Анын айтымында, жакында эле Беларусь өкмөтү Орусиядан көгүлтүр газды сурап, көз каранды болуунун ордуна өлкөнүн аймагында өзүнүн атомдук электр станциясын куруу идеясын билдирди. Аналитиктин ырастоосунда, бир канча жылдар бою бул өңдүү сунушту талкуулоо такыр мүмкүн эмес болчу.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль АЭСинде ири жардыруу болуп, анын жалыны 31 адамды өлтүргөн.

Жалпы элдик жаалдан корккон совет бийлиги жакынкы жерлерде отурукташкандарды куткаруунун гана чарасын көрүп, кырсыктын курмандыктарынын санын азайтып айтышкан.

Акыр аягында бийликтер апааттын зыянын мойнуна алгандан кийин, жакынкы аймактардагы жерлерден 150 миң адамды тезинен башка жерге жылдырууга киришкен.

Киевдеги Мохила Академиясынын профессору Игорь Лосев бул күн адатта конференциялар, митингдер жана коомдук иш-чаралар менен коштолот дейт. Ошол эле учурда бул кайгылуу окуя жараткан проблемалар азырга чейин чечиле элек.

- Албетте, кырсык көптөрдү ойлонтот жана биз мунун кесепетин дагы көптөгөн жылдар бою сезе беребиз. Азырга чейин авария болгон жерде проблемалар чечиле элек жана биз толугу менен коопсуздуктабыз деп айта албайбыз. Мисалы, жардыруу болгон имаратта азыр да жүздөгөн тонна ядролук отундун калдыктары жатат. Ал жерде кандай процесстер болуп жатканы эч кимге белгисиз, - деп кооптонот киевдик профессор Игорь Лосев.

Биздин маектеш жана дагы бир катар башка адамдар жабыркаган реакторду ороп коюшкан саркофагдын бекемдигине ишене беришпейт. Алардын айтымында, эгерде бир балакет болуп, реактордун заары дагы абага таркай турган болсо, анда Украинадагы жалпы бир облусттун калкынын коопсуздугу коркунучта калат.
XS
SM
MD
LG