Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын презиенти Владимир Путин бул күнү Жакынкы Чыгышка карап сапар алды. Мисирдин ордо калаасында ал президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Путин шаршембиде Израил өкүмөтүнүн жетекчиси Ариэл Шарон менен жолукмакчы. Алардын ортосундагы кеп Тел-Авивдин бүйүрүн кызыткан орусиялык ракеталардын Сирияга сатылышы болот дешет. Андан кийин Владимир Путин Йордан дайрасынын батыш жээгинен орун алган Рамаллах калаага барат. Ал жерде Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен жолугушат.

Мисирге Никита Хрущев мындан 40 жыл мурда барган. Ал эми Израил мамлекетине орусиялык жетекчилик эч убакта бара элек. Ошон үчүн бул жолку төрт күнгө созулчу Владимир Путиндин сапары орусиялык анализчилер баамында буга дейре эч болуп көрө элек тарыхый кадам.

Мурда Жакынкы Чыгышка Советтер Союзунун зор таасири болгон. Кантсе да Путин бул жолу ошол таасирин кайра калыбына келтирүүгө аракет жасайт. Кремлдин кожоюну сапар маалында Маскөөгө жеринен чукул жүргөн кесиптеши Хосни Мубарак менен андан кийин израилдик премьер Ариэл Шарон, андан кийин палестиндер лидери Махмуд Аббас менен жолугушуп Жакынкы Чыгыштагы абалга жаңы шык беремин үмүтү бар экенин жашырбайт.

Саясий анализчилер Орусия канча аракет жасабасын Жакынкы Чыгыш абалына анын кошкон салымы жарытылуу болбойт деген пикирде. Эмне дегенде, Орусиянын Ирандын ядролук программасын колдоого алышы, ошондой эле Сирияга ракеталарын сатууга көңүлдөнүп атышы Израилди ага олуттуу каяша айтууга мажбурлайт.

Буга кошумча, террорчулукка каршы күрөшүүдө Сирия менен Ирандын сындалып келатышы кошул-ташыл болгудай. Ошон үчүн Маскөөнүн жообу тайкы болот. Мурунку жумада Путин андай жоопту Израил сыналгысынын кабарчысы менен болгон маегинде айтты. Аткан огу 5 чакырымдай жерге жетчү “Стрелец” ракеталык комплекстерин Сирияга сатканы атыпсыздар деген суроого орусиялык жетекчи:


- Албетте, ал комплекс Сирия президентинин сарайынын үстүнө тийер-тийбес чукул келген учактар мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок, эгерде биз Израил да өз элинин кызыкчылыгы үчүн, тынчтык абал улансын десек, анда мындай жакшы кырдаал жаман экен дешке оозум барбайт, - деген жообун узаткан.

Ошол эле жерде Ирандын ядролук программасы да кепке алынып, Орусия, өзөктүк кен боюнча МАГАТЭ көз салуусу астында иш жүргүзүп атканын айткан. Иран менен сүйлөшүп уран кени согуштук максатта жумшалып кетпеши үчүн келишимге оңдоо киргизгенин жана анын негизинде Бушерге коюлуп аткан орусиялык ядролук отундан түшкөн таштандыны кайра Орусияга чыгарып кетүүгө жетишкенин айтып берген.

Сырттан көз салуучулар Путиндин дал ушул кеби Израилди кыжырын кайнатат дешет.

Чыгыш таануу институтунун директоруна орунбасар Владимир Исаевдин пикири боюнча:

-Тилекке каршы, кийинки учурда Орусия ички иштери менен алакет болгонду билип, куду 90-жылдардагыдай араб дүйнөсү менен алакасы арбын болбой атат. Аны советтик кездин “сасык кекириги” деп атап, орусиялык жетекчилик кыйла убактысын Чыгыш эмес Батыш менен жакындашууга коротууда, - дейт Чыгыш таануучу Исаев.
XS
SM
MD
LG