Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

ИРАН: РАФСАНЖАНИ ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУНУ КААЛАЙТ


Ирандын мурдакы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани июнга белгиленген президенттик шайлоого катышууга ынтызарлыгын билдирүүдө. Көпчүлүк серепчилердин боолгошунча, 70 жаштагы кексе диниятчы азыркы президент Мохаммед Хатамиге күчтүү атаандаш болот. 1979-жылкы Ислам ынкылабынан бери Рафсанжани саясатка активдүү аралышып келет жана ушу тапта өтө таасирлүү Масилээтчилер кеңешин жетектейт.

Акбар Хашеми Рафсанжани буга чейин 1989-97-жылдары эки мөөнөт президенттик кылган. Азыр парламент менен Камкордук кеңештин ортосунда элдештирүүчү катары болгон таасирлүү Масилээтчилер кеңешин жетектейт. Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, чейрек кылымда эки мөөнөт мамлекет жетектеп, 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушунда куралдуу күчтөргө командачылык кылган Рафсанжаниде 17-июнда болчу шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү күчтүү талапкер саналат.

Тегеран университетинин профессору Садык Зибакаламдын байкашынча:

- Мырза Хашеми Рафсанжанини башка талапкерлерге салыштырчу болсоңуз, анын бийлик тажрыйбасы, саясый кадыр-баркы жана эл аралык аброю теңдешсиз экенин көрөсүз. Тыш өлкөлөр Рафсанжани менен макулдашылган келишим аткарылбай калбасын билишет. Башка эч бир талапкер мындай касиетке ээ эмес.

Жакында өткөрүлгөн сурамжылоо да Рафсанжани күчтүү талапкер экенин көрсөткөн.Рафсанжани мамлекет башында турган 8 жылда экономикада жана социалдык турмушта бир катар либералдык иш чаралар жүргүзүлгөн. Ошол эле тушта оппозициянын бир катар лидерлери жана бийликти сындаган диссиденттер Ирандын өзүндө жана тыш өлкөлөрдө өлтүрүлгөн.

Белгилүү журналист Акбар Ганжинин айтышынча, Рафсанжани ал бийлик башында турган жылдаркы саясый киши өлтүрүүлөр үчүн сот алдында жооп бериши керек. Ганжи бийликти сындаганы жана 1998-жылы бир нече интеллектуалдын киши колдуу болуп өлүүсүн иликтеп жазганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылып, азыр абакта отурат.

Рафсанжани президент шайланса, акыркы жылдары топтолгон саясый-экономикалык проблемалар чечилет дегенгенге кошулбаган да талдоочулар бар. Иран парламентинин мурдакы мүчөсү, саясый аналитик Хасем Шоале Садинин кебине караганда:

–Эгер Рафсанжани президент шайланса, ал күчсүз президент болот. Сурамжылоо аны шайлоочулардын 22 проценти гана колдоорун көрсөттү. Ошондуктан, Рафсанжани чоң колдоого ээ эмес жана ал аны колдобогон, ошондой эле ашыкча эскичилдер үстөмдүк кылган азыркы парламент менен кызматташа албайт.

Рафсанжанинин саясый дымагына карата Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели Ирандын президенти ким болору Ак Үйдү камтама кылбайт, маселе жаңы лидер кандай саясат жүргүзгөнүндө деп билдирди.
Рафсанжани өзү "USA Today" басылмасына февралда берген интервьюда, Вашингтон “жакшы ыкыласын көрсөтсө”, АКШ менен диалогго барууга даяр экенин айткан.

Байкоочулар ирандыктар арасында президенттик шайлоого кызыгуу аз экенин айтышууда. Ички иштер министрлиги бир нече күн илгери жарыялаган изилдөөгө караганда, шайлоочулардын 51 процентинде гана 17-июндагы саясый өнөктүккө катышуу ниети бар.Өткөн президенттик шайлоого, добуш берүүгө укуктуу адамдардын 63 проценттен бир аз көбү катышкан.
XS
SM
MD
LG