Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

25-апрелде Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматынан кетүүгө арыз берди. Анын арызын Жогорку Кеңеш азырынча карай элек. Ал эми жалпы сот системасынын кадыр-баркы менен эл ишенимин калыбына келтирүү коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселелердин бири болууда.

Курманбек Осмонов «Азаттык» үналгысы үчүн курган маегинде Жогорку Соттун төрагалык кызматынан мамлекеттеги саясий туруктуулукту сактоо максаты менен кеткендигин билдирди. Айрым байкоочулардын баамында, буга сот имаратын эки жумадан бери ээлеп алып, Жогорку Сот тарасын деп турган атуулдардын талабы түрткү берди.

Конституциялык Соттун мүчөсү Марат Кайыповдун айтымында, күчкө салып, каалаган талабын аткартуу көрүнүшүнүн эми Жогорку Сотко чейин жетиши абдан кооптуу окуя:

- Курманбек Осмоновдун арызын Жогорку Кеңештин депутаттары кылдаттык менен карап туруп чечим чыгарышы керек. Себеби, азыркы кысым жасоо менен иштен кетирүү Кыргызстандын тарыхы менен келечегине эң жаман из калтыра турган көрүнүш. Бул кийин сотту кысымга алып каалаган чечимин чыгартып алууга жол берет.

Айрым байкоочулардын баамында, элдин сот бийлигин урматтабай, алардын ишин күч менен токтотууга чейин барышына Кыргызстандагы сот бийлигинин кадыр-баркынын түшкөнү шарт түздү.

Ош шаардык сотунун төрагасы Сүйөркул Маатовдун баамында, буга шайлоо маалында атаандаш тараптардын талашын сот аркылуу чечүү да кириптер кылды:

- Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодогу талаш-тартыштардын бардыгын сот аркылуу чечүү башкы себептердин бири болду.

Ал эми Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыповдун пикиринде, сот бийлигинин аткаруу бийлигине толук көз каранды болуп калганы соттордун кадыр-баркын кетирди:

- Соттор жогорку жактагы жетекчилерге же телефон аркылуу берилген буйруктарга баш ийип калган. Себеби, квартира, айлык, машина же имарат боюнча соттор аткаруу бийлигине көз каранды. Сот бийлиги көз карандысыз бийлик дегенден кийин аны система катары бөлүп чыгып, айлыгынан баштап имаратына чейин Жогорку Кеңеш аркылуу көз каранды кылбай бөлүү керек.

Марат Кайыповдун пикири боюнча, сот бийлигинин кадырынын түшүшүнө 1990-жылдардын башынан тарта элдин сот ишинен четтетилиши да башкы себептерди бири болду. Ошондуктан, азыр сот ишине эл арасынан өкүлдөрдү тартып, бир гана судьянын айыппул салуудан баштап өлүм жазасын берүүгө чейинки өкүмдү чыгаруусуна бөгөт коюуга мезгил жетти.

Ал эми өлкөдөгү кесипкөй адвокаттардын бири Любовь Иванова сот системасына иштөөчү адистерди тандоо талабын өзгөртүү зарылдыгы бышып жетти деген ойдо.

Анын пикири боюнча, сот системасын саясаттан алыстатып, төрагалыкка бийликке жаккан администратор адамдарды эмес, сот тармагын ийне-жибине чейин билип дасыккан тажрыйбалуу адамдарды тартуу керек. Бирок, сотторду бийлик өкүлдөрү эмес, эл тандап ала тургандай жобону Конституцияга киргизүү зарыл.

- Биздин Конституцияда судьялар президенттик администрациянын элеги аркылуу тандалат деп жазылган. Андан кийин гана Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө жөнөтүлөт. Ошондуктан, эң ириде Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Ошондо гана соттор мыйзамдын гана чегинде чечим кабыл ала алып, элдин ишенимине ээ болушу мүмкүн. Себеби, буга чейин судьялар бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен буйругуна тумчугуп келишпедиби! - дейт Любовь Иванова.

Ал эми айрым адистер сот бийлигине ишенимди арттыруу үчүн судьяларды шайлоо системасын кайра калыбына келтирүү, бирок, ошол эле учурда шайлаган адамдарга көз каранды болбогондой механизмди ойлоп табуу зарылдыгын айтышууда.

Конституциялык Соттун судьясы Марат Кайыповдун баамында, Кыргызстанда судьяларды тандоо жана аларды коргоо жөнүндөгү мыйзамдын жоктугу дагы бир көйгөйдү жаратышы толук мүмкүн:

- Кыргызстандын судьяларын коргоп, анын көз карандылыгын камсыз кыла турган жана келечегине балта чаппай турган мыйзамдар жок. Соттун көз карандысыздыгын коргойт деген декларациялык актылар бар. Бирок, телефон чалып, буйрук берген адамды ким, кандай жол менен жоопко тартат жана судьяны кантип коргоо керектиги жөнүндө механизмдер толук иштелип чыккан эмес. Ошон үчүн соттор көз каранды болуп жатпайбы…

Айрым саясат иликтөөчүлөрдүн баамында, бул көйгөй катуу коррупциялашкан мурунку бийликтин азыркы өкмөткө калтырган мурасынын бири. Ошон үчүн элдик бийлик аталган азыркы өкмөттүн башкы милдеттеринин бири сот бийлигине эл ишенимин кайтаруу.

Ал эми Жогорку Сот төрагасын дайындоодо Жогорку Кеңеш депутаттарынын калыстыгы менен адилеттиги бул көйгөйдү чечүүнүн алгачкы баскычы болмокчу дешет бул жергиликтүү адистер.
XS
SM
MD
LG