Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА КҮТҮҮСҮЗ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН СТРУКТУРАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ ЗАРЫЛБЫ?


Кожогелди Култегин Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине жолдонгон каттардын, суроо-талаптардын дээрлик 80 пайызы жеке адамдардан келет. Көпчүлүгү өз үй-бүлөлөрүнүн күчү менен, же жергиликтүү бийликтердин деңээлинде чечилчү маселелерди министрликтен суранышат. Ушул жагдайдан улам экология жана күтүүсүз кырдаалдар министригинин айрым структураларын, базаларын жергиликтүү бийликтерге өткөрүп берүү маселеси козголууда.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги элге, жерге жакын болсун деген ниетте министрликтин баш кеңсесин табигый кырсыктар көп кездешүү түштүккө, Ош шаарына көчүрүшкөңдүгү белгилүү. Айрыкча соңку эки жылда эл министрликке мурдагыдан үч эсе арбын кайрылгандыгы эсептелиптир. Бирок суроо-талаптардын дээрлик көпчүлүгү майда-барат маселелер. Бул туралуу экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев мындай дейт:

- Каттарды карасам, дээрлик көбү биздин атуулдардан келген, үйүм жарака кетти, фукндаментим жарылды, огородумдан суу чыгып кетти деген каттар. Ар бир жарандын үйүн кыдырып чыгыш үчүн биздин кудуретибиз да, күчүбүз да жетпейт. Эл ссуда берет деп эле ар бири кат жазып кайрылып атат азыр.

Жеке адамдардын суроо-талап каттарынын 32 пайызы министрликке кыргыз өкмөтү, президенттик администрация, Жогорку Кеңеш аркылуу келет. Айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнө жолдонгон каттарды экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине жолдой салууга маш экендигин Болотбек Айдаралиев төмөндөгүчө баяндады:

- Ар бири депуттарына чыгат. Депутаттар бизге жөнөтөт карап бергиле, чечип бергилде деп. Өздөрү закон кабыл алды, токтому бар, ушунун негизинде мыйзамдын чегинде өздөрү эле карабай, айыл өкмөткө “сен өзүңдүн функцияңды аткарышың керек” деп жөнөтсө болот. Андай ойлорду айтпай эле бизди кыйнайт. Кагазыбыз да толуп кетти. Акчабыз жок, кагазыбыз көп.

Өзгөн шаар башкармасынын жооптуу кызматкери Сурма Калысбекова өзгөчө кырдаалдар боюнча түзүлгөн облустук комиссиялар ошол түзүлгөн боюнча жакшы иштебегендигине өкүнүч билдирет:

- Ошол комиссия элден келген каттарды тескеп жакшы иштегенде, өзгөчө кырдаалдар министрлигине мынчалык оорчулук болбойт эле.

Ош облустук архитектура жана курулуш башкармасынын началниги Мамыт Асылбеков архитектура системасындай экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин структуралары да жергиликтүү бийликтердин курамына чейин жеткенде гана иш натыйжалуу болорун белгилейт:

- Облус боюнча 157 архитектура кызматындагы адамдар иштейт. Ар бир районго, ар бир айыл өкмөтүнө бекитилген инженер-техниктер бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ошондой кылып туруп, ар бир районго бирден өздөрүнүн өкүлүн дайындаса, маселелер чечилгенге жардам болот эле. Сапаты да чечилмек. Себеби жергиликтүү жерде иштегендер көбүрөөк билет, Бишкектен, же Оштон баргандарга караганда. Бул структура акимчиликтин өзүндө болуш керек, ошонун штабына кириш керек. Ар бир маселе боюнча аким өзү дагы карашы керек.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиев да министрликтин структурасын жагдайга жараша өзгөртүүгө убакыт жетти деген ойдо:

- Негизги күчтүн бардыгын айыл өкмөтүнүн деңээлинде болобу, облус деңгээлиндеби децентралдаштырып өзүбүздүн министрликте болгон жумушчулардын көбүн өткөрүп беришибиз керек. Облуска структураларды түзүп алсак, жер-жердеги проблемалардын көбүн өздөрү чечип коет эле. Ушунун үстүндө азыр иштеп атабыз. Биздин мекемелер бар. Ошолорду күчөтүп, ошол жака материалдык база түзүп, ошол жерде эле өзгөчө кырдаал боюнча көп маселелерди чечип, чоң глобалдуу маселелерди министрликке жана өкмөткө калтырып коюш керек - дейт Болотбек Айдаралиев.
XS
SM
MD
LG