Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

ӨЗБЕКСТАНДА ДА КЛАНДАР КҮРӨШҮ


Замира Кожобаева Өзбекстандагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөттө иштеген кызматкерлердин бир тобу кызматтан бошотулду. Өлкөнүн тышкы иштер министри жаңыланды. Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн жетекчисинин ордуна башка адам дайындалды. Ошондой эле Өзбеккино жетекчилиги да өзгөртүлдү. Байкоочулар мындай өзгөрүүлөрдү кландар аралык күрөштүн жыйынтыгы деп баалашууда. Бул пикирлер канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

Байкоочулар белгилешкендей Самарканд жана Ташкент кланы Өзбекстандагы эң күчтүү кландар болуп саналышат. Булардын ортосунда дайыма күрөш жүрүп келет. Айрыкча бул акыркы убактарда бир кыйла ачыгыраак көрүнө баштаган. Самарканд кланынын башында турат деп айтылып келген Исмоил Жоробековдун кызматтан алынышы жана ага каршы кылмыш ишинин козголуусу, ошондой эле телекөрсөтүү жетекчилигинин алмаштырылуусу да ошол күрөштүн жыйынтыгы дешет алар.

Эске ала кетүү керек, учурдагы президент Ислам Каримовдун 1989-жылы каржы министрлигинен Өзбекстан компартиясынын биринчи катчылыгына келүүсүнө да Исмоил Жоробековдун салымы чоң болгон. Каримов бийлик башына келгенден бери өз позициясын бекемдөө максатында түрдүү саясий күчтөрдүн ортосунда теңсалмакты кармап турууга аракет кылып келген. Байкоочулар айткандай, бул тескерисинче кландар ортосундагы күрөштүн күчөшүнө себеп болгон.

Ушу тапта АКШда бозгунчулукта жүргөн өзбекстандык журналист Руслан Шариповдун айтуусунда кландар арасындагы мындай күрөш Ислам Каримовдун өзүнө пайдалуу болушу мүмкүн:

-Кландар ортосундагы эмдигиче уланып жаткан ушул күрөш бир жагынан Президенттин өзүнө пайда келтирет. Себеби кландар ортосунда өз ара талаш болуп жаткан мезгилде президент өз ордунда беймарал отура берет.

Апрель айынын башында uznews интернет сайты ишенимдүү булактарга таянып, мурунку вице-премьер-министр Исмоил Жоробеков жана мурдагы адилет министри Абдусамад Палвонзада өлкөдөн качып кетишкендиги тууралуу маалымат таркатты. Руслан Шарипов мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин мындай тагдырын кландар ортосундагы күрөштүн натыйжасы деп тшүнөөрүн билдирди.

Ал эми Америкадагы Харвард университетинин изилдөөчүсү, мурда Өзбекстан президентинин кызы Гульнара Каримова менен чогуу иштеген жана бийлик чөйрөсүн жакындан билген Фархад Иногомбаев башкача көз карашта. Анын ою боюнча, Жоробековду саясий сахнадан кетирүүгө Каримовдордун үй-бүлөсүнүн ролу чоң болгон:

-Ислам Каримов Өзбекстанга президент болуп, бекем отургандан кийин, аны менен Жоробековдун мамилеси мурункудай жакшы болбой калган. Мен мурда чогуу иштеген адам катары жакшы билем, ошол убакта эле Каримовдун кызы Гульнара менен жубайы Татьяна Каримова Жоробековду жактырышчу эмес. Ошондуктан алар Каримовго жакын, ага таасир эте ала турган, күчтүү саясатчылардан анын айланасын тазалоого кирише башташкан.

Байкоочулар Исмаил Жоробековду кетирүүгө буга чейин деле бир нече жолу аракеттер болгондугун айтышат. 1999-жылы ал вице-премьер-министрлик кызматынан четтетилгенден кийин көп өтпөй, Ташкент шаарынын тургундарынын тынчын алган жардыруулар болду. Бир нече кишинин өмүрүн алып кеткен февраль айындагы жардыруулардан соң Жоробеков кайрадан президенттин жанына кеңешчи катары келди жана айыл, суу чарба маселелери боюнча жооптуу кызматкер болуп дайындалды. Ушундан кийин Ташкенттеги жардыруулар Жоробековдун иши деген айыңдар таркай баштаган. Бирок бул сөздөрдү ырастоочу жүйөөлүү далилдер ушул күнгө чейин чыга элек. Харвард университетинин изилдөөчүсү Фархад Иногомбаев Жоробеков сыяктуу таасири күчтүү адамдардын бийликтен кетирилишине башка себептер бар деген ойдо. Анын пикири боюнча, Каримов мындай кишилерди кетирип, айланасына өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана өзүнө берилген, ишенимдүү адамдардан турган жеке кланын түзүүгө аракет жасоодо.

-Каримовдун өзүнүн жеке кланына, мен муну баса айтам, жеке кланына өзүнүн кыздары, президенттин өзүнө жакын, берилген адамдар топтолгон. Анын ичинде бир-эки кеңешчиси жана айрым жетекчилик кызмат ээлери да бар. Ушул клан башка саясий жактан күчтүү, коомчулукка таасири чоң деп саналган кландарды Өзбекстандан сүрүп чыгарып жатат - дейт Фархад Иногомбаев

Ошондой эле түрдүү кландардын өкүлдөрү Өзбекстандын күч структурасында да бар. Коопсуздук кызматын жетектеп отурган Иноятов Ташкент кланынын, ички иштер министри Алматов Самарканд кланынын өкүлү. Байкоочулар бул эки кланды Каримовдун бийлигин кармап турган устун деп баалашат. Бул экөөнүн ортосундагы күрөш президенттин бийлигин бекемдейт деген пикирин журналист Руслан Шарипов төмөнкүдөй билдирди:

-Кландар ортосундагы күрөш Каримов үчүн абдан пайдалуу, бирок ошол эле учурда кооптуу да болуп саналат. Анткени качандыр бир кезде ушул кландардын бири Каримовду кулатып, анын ордуна өзүнүн адамын алып келип коюшу мүмкүн. Ошондуктан баары бир президент кырдаалды толук көзөмөлдөп жатат деп айтуу кыйын. Себеби азыркы убакта куралдуу көп күч Алматовдун колунда. Бул жагдайдан алып караганда, Каримов үчүн коркнучтуу адам-Закир Алматов болуп саналат.

Байкоочулардын айтымында 1991-жылдан бери ички иштер министрлигин жетектеп келе жаткан Закир Алматов аталган күч органын мамлекеттеги эң таасирдүү жана күчтүү органга айландырган. Ал эми Коопсуздук кызматы менен Коргоо министрлиги экөө биригип, ага тең келе албастыгын айтышат. Бирок өзбекстандык социолог Бахадыр Мусаевдин пикиринде, ички иштер органы ич ара бузулууга дуушар болуп, чирип баратат. Анын айтымында учурда көпчүлүк милиция кызматкерлери 60 доллардан ашпаган айлык акысына нааразы. Ошондуктан азыркы режим ушул бойдон калуусу мүмкүн эмес:

-Менин оюмча, Каримов режими азыр жандалбастап жатат. Бул качанкыга чейин уланат, билбейм, бирок бышып жетилген убакта жарылып, чынжыр реакциясын жаратышы мүмкүн. Себеби бычак капкачан эле сөөккө барып такалган, бирок муну бийлик түшүнбөй жатат.
XS
SM
MD
LG