Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

СИРИЯ ДАЛЕ ЛИВАНДАГЫ ЖАГДАЙГА ТААСИР ЭТҮҮДӨ


Саясат Шейшемби күнү Сирия бардык күчтөрүн Ливандан чыгарганын жарыя кылды. Эми Ливан коомчулугу май айында болчу парламенттик шайлоо маселесин кызуу талкуулоого киришти. Эл аралык байкоочулар болсо шайлоо алдындагы өткөөл мезгилде өлкөнүн коопсуздук абалына жана добуш берүүгө Сириянын таасир этүү мүмкүнчүлүгү кандай болот деп кылдат көз салууда.

Шейшемби күнү Сириянын Улуттар Уюмунудагы элчиси Райсал Мекдад сириялык аскерлер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык, Ливандан толук чыгарылып кеткенин маалым кылды. Аны тастыктаган Сирия Араб Республикасынын тышкы иштер министринин каты Коопсуздук Кеңешинин төрагасына жана башкатчы Кофи Аннанга тапшырылды деди элчи.

Аннан Коопсуздук Кеңешине жолдогон акыркы билдирүүсүндө май айында өткөрүлчү парламенттик шайлоо Ливандын күнкорсуздугун, бүтүндүгүн жана саясый өз алдынчалыгын ырастоочу сынак болоорун белгиледи.Ливанда калыптанган салт боюнча шайлоо айлампа-айлампа менен өтүп, бир нече жумага созулат.

Шаршемби күнү Ливан парламент шайлоо башталчу күндү талкуулады. Улуттук ассамблеясынын төрагасы, ошондой эле Эркиндик жана өнүгүү блогунун башчысы Наби Берринин билдиришинче:


- Эркиндик жана өнүгүү блогу шайлоону жана анын 29-майда болушун жактайт. Бул чечилген маселе. Парламенттин төрагасы башка өзгөртүүгө барбайт. Нажиб Микатини премьер-министрликке көрсөтүүгө катышпаган Эркиндик жана өнүгүү блогу 29-майда шайлоо башталганга байланыштуу өкмөткө ишеним билдирүү үчүн добуш берет.

Сириячыл Наби Берринин талабын парламенттеги таасирдүү үч күч: шииттердин Хезболла тобу, друздардын оппозициядагы лидери Валид Жумблатт жана мурдакы премьер-министр Рафик Харириге ишенимдүү блок жактады.Харири 14-февралда өлтүрүлгөндөн тарта шайлоо өз мөөнөтүндө болбой калат деген чочулоолор көп айтылып жаткан. Удаа эле эл аралык коомчулук Сириядан өз күчтөрүн Ливандан чыгарып кетүүнү талап кылып жатты.

Акыркы 29 жылда Сирия Ливандын саясый турмушунда эбегейсиз зор роль ойноду. Охсфорд университетинин Ливанды изилдөө боборунун мүдүрү Надим Шехадинин айтымында:

- Сирия өз таасирин шайлоо мыйзамын даярдаган саясатчылар аркылуу, шайлоо округдарын жана тизмелерди түзүүдө түрдүү айла-амалдарды пайдаланып жүргүзгөн. Сириялык аскерлер чыгып кеткенден кийин Дамаскинин таасири азайды. Бирок, сириячыл саясатчылар калууда. Шайлоо эркин жана калыс өтсө, алардын тамыры кыркылат. Лекин, ал үчүн кеминде эки-үч шайлоо өтүш керек.

Шехади андан ары сөзүн улап:

-Соңку 15 жылда Сирия Ливанды каалагандай жана толук контролдоду. Башкаруу бийликке тийиштүү адамдарды койуу, бюрократия, армия, коопсуздук кызматы, парламент – бүтүндөй система-Сирия иш берген чиновниктер же адамдар аркылуу жүргүзүлдү.

Лондондук эксперттин сөзүнчө, ливандык жарандар жагдайды чукул өзгөртүү зарылдыгын түшүнөт.

- Сирия Ливанда калтырган мурас-бул куралдуу күч катары мыйзамдуу таанылган Хезболла уюму. Ал эми куралдануусу үчүн актана албайт. Анысы шайлоолордун жүрүшүнө таасир кылат. Хезболла ишенимге жана атак-даңкка израилдик күчтөрдүн Ливанда болуусуна каршы туруп жетишкен. Ал эми өзгөрүүнүнүн зарылдыгына ынанып, ага ыңгайлашпаса, анысы шайлоолордун жыйынтыгына таасир этет.

Сириялык күчтөрдүн чыгып кетүүсүнөн АКШ өкмөтү террорчул уюмдардын тимесине кошкон Хезболла кыймылы өзгөчө жабыркайт.
XS
SM
MD
LG