Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Москванын соту орус ишкери Михаил Ходорковскийдин иши боюнча өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды


МОСКВА.Москванын Мешан райондук соту Михаил Ходорковскийдин иши боюнча өкүм чыгарууну 16-майга калтырды. Бүгүн ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Ходорковскийге, Платон Лебедевге жана Андрей Крайновго соттун өкүмү угузулмак. Ходорковскийге алдамчылык кылган, салык төлөөдөн качкан деген айыптар тагылууда. Ходорковскийдин тарапкерлери ишкерге каршы козгологон кылмыш ишинин артында саясий себептер турганын айтышат. Ходоркосвскийдин адвокаты Генрих Павда сот өкүмүн угузуу кийинкиге калтырылганына таң калбаганын билдирип, сот өзүнүн канчалык жоопкер экенин сезген болуу керек, деп божомолдоду.

XS
SM
MD
LG