Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Баткен райондук соту №14 шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арызды кароону токтотту


БАТКЕН. Райондук соттун төрагасы Памирдин Жумагуловдун 27-апрелде “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ишти токтотууга тараптардын өз ара тил табышуусунан улам арыздануучу тарап өз арызынан баш тартуусу себеп болду. Парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгынан соң аталган шайлоо чөлкөмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына атсалышкан Досбол Нур уулунун ишенимдүү өкүлү Кубаныч Нурмаматов райондук сотко арызы менен кайрылып, “Алга, Кыргызстан” партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Арзыбек Бурканов үгүт жүргүзүү маалында мыйзам талаптарын одоно бузуу менен аты жок гезит чыгарганын, анда Досбол Нур уулунун жана анын үй-бүлөсүнүн ар-намысына, жеке ишмердик сапаттарына доо кетирүү менен жалган жалааны атайлап таратканын белгилеген. Ошондой эле соттон Буркановду кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси боюнча жоопко тартуу, шайлоо добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар менен коштолгону үчүн Баткен шайлоо чөлкөмү боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу суралган. Бул ишти кароону сот эки жолу артка жылдырып, 25-апрелде карай баштаган эле.

XS
SM
MD
LG