Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Карабалталыктар Коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Т.Айтбаевди кызматтан кетирүү талабын коюшууда


БИШКЕК. 27-апрелде Карабалта шаарынын 150дөн ашуун тургундары өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Таштемир Айтбаевди жана анын тегерегиндеги кызматкерлерди кызматтан четтетүү талабын коюшту. Пикетчилер менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жолугушуп, Айтбаев менен маселени талкуулап жообун бере тургандыгын билдирди. Нааразылык билдиргендердин айтымында, 22исинен 23-апрелге караган түнү Коопсуздук кызматынын кызматкерлери Карабалта шаарындагы бир кафеден аталган шаардын 4 тургунун ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн айыпташып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына алып келип камашкан. Алардын тууган-туушкандары жана Карабалта шаарынын 300 ашуун туругундары Бишкекке келишип Коопсуздук кызматынын кызматкерлери күнөөсүз жалган жалаа менен кармашты деп, камалгандарды аталган кызматтын имаратына күч менен кирип бошотуп алышарын айтышууда. Сүйлөшүүлөрдөн кийин коопсуздук кызматы шаардан чыкпоо тууралуу тил кат алып, бул 4 тадамды бошотушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG