Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Кулов тил комиссиясынан өтсө, Атамбаев президенттикке барбайт


БИШКЕК. Социал-демократиялык партиясынын башчысы Алмаз Атамбаев эгерде «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов тил комиссиясынын сыноосунан өтсө өз талапкерлигин алып салат. Эгер тил комиссиясынан Кулов өтпөй калса анда ал президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Алмаз Атамбаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Анын пикиринде Курманбек Бакиев башында турган азыркы өкмөт президенттик шайлоодо административдик ресурстарды колдонбойт деп айтыш кыйын. Себеби акимдердин жана башка кызмат адамдардын алмашып жатышы ушундай ойго түртүп жатат. Ал эми айрым саясий партиялар бийликте туруп, бирок, административдик ресурстарды пайдаланбай эле, таза, ачык шайлоону өткөрүү мүмкүн, эл да шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол бербейт деген пикирлерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG