Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Жер алуучулар Алатоо аянтында нааразылык акция өткөрүштү


БИШКЕК. 27-апрелде Бишкекте «Алатоо» аянтында нааразылык акция болуп, анын катышуучулары өкмөттөн жер берүүнү талап кылышты. Алар ипотекалык кредит аркылуу үй алуучулардын жана жерге муктаж болгон адамдардын тизмеси өз алдынча түзүлсүн деп талап кылып турушту. Пикетчилердин көз карашында учурда өкмөт тарабынан турак-жай маселесин чечүү боюнча жетиштүү иш-чаралар көрүлбөй, мурдагы бийликтин учурундагыдай эле адамдардын жерге ээ болуу укугу бузулууда. Ушул эле күнү жер маселеси боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйыны өлкөнүн биринчи вице-премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Медетбек Керимкуловдун төрагалыгында өттү. Анда маалымдалгандай, учурда Чүй дубанындагы жана Бишкектин чет жакаларындагы бош жерлер комиссиянын алдында түзүлгөн үч жумушчу топ тарабынан иликтенүүдө. Иликтөөлөр аяктагандан кийин кошумча бош жерлер участогу жокторго бөлүнүшү мүмукүн. Буга чейин өкмөттүн токтому менен турак-жайсыз адамдарга Чүй облусунан 302 гектар жер чегерилген.

XS
SM
MD
LG