Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү делген ишканалардын саны 78ге жетти


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана айланасындагы жакын адамдарга тиешелүү делген ишканалардын саны 78ге жетти. Бул тууралуу 27-апрелде Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү деп эсептелген мүлктү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы вице-премьер-министрдин милдеттерин аткарууучу Данияр Үсөнөв билдирди. Анын айтымында, учурда бул ишканалар боюнча териштирүү, иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Буга чейин Акаевге жана ага жакын адамдарга тиешелүү делген ишканалардын тизмесине 42 объект киргизилген. Айрым ишканалардын чыныгы ээлерин табуу, алардын уюштуручуулары бүдөмүк болгондуктан, өтө кыйын болуп жатат. Жыйында айтылгандай, экс-президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» кайрымдуулук фондуна карашатуу имараттардын 30 пайызы мамлекетик менчикке тиешелүү экендиги тастыкталды. Биринчи президенттин китепканасы да мамлекеттик менчикке өткөрүлүшү керек, анткени, ал бюджеттик каражатка салынган. Учурда өлкөнүн башкы прокуратурасы тарабынан мурдагы коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG