Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Курманбек Бакиевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлөт


БИШКЕК. 28-апрелде Бишкектеги Тарых музейинде “Эркиндик” партиясы IV курултайын өткөрөт. Анда делегаттар алдыда болуучу президенттик шайлоого президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын төргасы Топчубек Тургуналиев 26-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, курултайдын күн тартибинде учурдагы Кыргызстандагы саясий абал, президенттикке талапкер көрсөтүү, Кыргызстандын келечектеги мамлекеттик түзүлүшү, конституциялык реформа, сот, аткаруу бийлиги тууралуу маселелер каралат. Жыйынга өлкө аймагындагы партиянын мүчөлөрүнөн 120 делегат чакырылган. Ошондой эле бейөкмөт, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG