Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Т. Чынгышев: Кыргызстандан 2 тоннага жакын алтын А. Акаевдин кысымы менен Швейцарияга алып чыгарылган


БИШКЕК. 1993-жылы Кыргызстандын аймагынан Швейцарияга 1 тонна 800 кг алтын өлкөнүн экс-президенти Аскар Акаевдин кысымы менен алып чыгарылып кеткен деп билдирди 27-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына ошол мезгилде Кыргызстандын премьер-министри болуп иштеген Турсунбек Чынгышев. 1993-жылы бул маселени иликтөө боюнча легендарлуу парламентте депутат Шергазы Мамбетовдун төрагалыгында комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин парламент алтындын Кыргызстандан алынып чыккандыгы үчүн премьер-министр Турсунбек Чынгышев жана президент Аскар Акаев жооп берсин деген токтом кабыл алган. Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде ошол эле жылы кылмыш иши козголгон. Бирок 1994-жылдын август айында бул кылмыш иши жабылган. Өткөн аптада өлкөнүн баш прокурорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу Азимбек Бекназаров 1993-жылы Кыргызстандан алынып кеткен алтынга байланыштуу кылмыш иши кайра иликтене баштагандыгын билдирди. Алтын тармагында иштеген адистердин айтымында, азыр 1 тонна 800 кг алтын кайсы жакта экендиги белгисиз.

XS
SM
MD
LG