Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП 2004-жылдын май айында Европа Биримдигине 10 мамлекет жаңы мүчө болуп кошулганда пайда болгон оптимизм бир жыл ичинде бир кыйла сууду. Өткөн жылдын октябрында кабыл алынган европалык конституция боюнча 29-май күнү Францияда өтө турган референдум болсо, кээ бир эксперттердин пикиринде, Биримдиктин тагдырын таразага салууда жана эгер Франция эли конституцияны жактырбаса, бүткүл Биримдиктин келечегине балта чабылышы мүмкүн.

: Акыркы өткөрүлгөн элдик сурамжылоолордун жыйынтыктарына караганда, Францияда суралгандардын жарымынан көбү конституцияга каршы жана бул көрүнүш бардык эксперттерди бушайманга салууда. Франция - Европа Биримдигин негиздеген мамлекеттердин бири жана уюмдун 50 жылдык тарыхында такай жаңы демилге көтөрүп келген өлкөлөрдөн болчу. Андай жаңы сунуштардын бири - чечим кабыл алуу эрежесин өзгөртүү. Биримдикте мурда бардык маселелер жалпы мунаса менен чечилип келген, бирок анын мүчө-мамлекеттеринин саны жыйырма бешке жеткенде, андай тартип өзгөртүлүүгө тийиш болду.

Аны алдын ала түшүнгөн батыш европалык саясатчылар уюмдун бирдиктүү конституциясын иштеп чыгууну сунуштаган жана мындан бир нече жыл мурда атайын комиссия түзүлүп, конституция долбоорун даярдоо ишин Франциянын мурдагы президенти Жискар Д'Эстен жетектеп келген. Долбоор даярдалгандан кийин дагы ал дароо кабыл алынбай калган, анткени ар башка мамлекет көптөгөн оңдоо-толуктоолорду сунуштаган жана Франция тараптан дагы көп сунуш айтылып, анын баары эске алынган. Анткен менен Франция эли баары бир ал конституцияга каршы.

Кээ бир саясатчылардын пикиринде, Франция элин негизгинен Биримдикке жакын арада Түркия мүчө болуп кирээри тынчсыздандырат жана дал ошол себептен Анкара менен Брюссел ортосундагы сүйлөшүүлөр көп жылдар бою ийгилик алып келген эмес. Аны түшүнгөн президент Жак Ширак дагы мүмкүн болушунча маселени создуктуруп отуруп, акырында Түркиянын мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөр үстүбүздөгү жылдын октябрында гана башталмай болду, бирок ага чейин Биримдиктин өзүнүн тагдырына балта чабылып калышы мүмкүн.

Франциянын Эл аралык байланыштар институтунун эксперти Филипе Моронун пикиринде, конституциянын кабыл алынышы дароо Түркиянын Биримдикке мүчө болуп киришине эшик ачпайт, бирок коомдук пикирди өзгөртүү кыйын.

- Референдумда 'жок' деп айтууга көптөгөн себеп табылышы мүмкүн жана алардын бири, албетте, Түркия маселеси. Франциянын кээ бир тургундарынын пикиринде, эгер конституция кабыл алынса, анда Түркия Европа Биримдигине эч тоскоолсуз, атайын даярдыктан өтпөстөн эле мүчө болуп кошулушу мүмкүн. Албетте, ал туура эмес - дейт Моро.

Көптөгөн франциялык саясатчынын пикиринде, Франция эли жалпысынан конституцияга каршы эмес, бирок 29-майда боло турган референдумда алар конституцияны жактырбоо менен президент Жак Ширактын өкмтөтүнүн жалпы саясатына каршылык билдирет. Андан оңчул күчтөр да пайдаланууда жана британиялык саясатчы Деннис Мак-Шейндин айтымында, Европанын тазалыгы үчүн күрөшүмүш болгон андай партиялар чындыгында Евробиримдикти алсыз жана келечексиз кылып салышы мүмкүн. Абал азыр бир кыйла оор жана Биримдиктин учурдагы төрагасы, Люксемдургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкердин айтымында, эгер Франциядагы референдум терс жыйынтык менен аяктаса, уюмдун өнүгүүсү кеминде 20 жылга артка ташталат.

Эң коркунучтуусу болсо - Франциядагы референдумдун жыйынтыгы башка мамлекеттердеги референдумдарга терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигинде. Азыркы күнгө чейин конституция долбоорун Италия, Литва, Мажарстан, Словения жана Грекиянын парламенттери жактырды, келерки эки жылдын ичинде маселе боюнча Британия, Дания, Ирландия, Испания, Люксембург, Нидерланд, Польша, Португалия, Франция жана Чехия референдум өткөрүүгө тийиш. Маселени жөн гана парламентте чечип, же аны элдик референдумга коюу - ар бир мамлекеттин өз эрки болчу, ошондуктан эгер Франция аны парламентте талкууласа, мүмкүн, маселе мынчалык курч болмок эмес.
XS
SM
MD
LG