Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

ВЛАДИМИР ПУТИНДИН ЖАКЫҢКЫ ЧЫГЫШ САПАРЫ УЛАНДУУДА


Айнура Жекше кызы Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин бейшембиде Израилдин президенти Моше Катцав менен жолугушту. Түштөн кийин болсо анын жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен кездешүүсү күтүлүүдө. Израилге чейин Путин Египетте болуп, ушул жылдын күзүндө Москвада Жакыңкы Чыгыш боюнча эларалык конференция өткөрүүнү сунуш кылган эле. Жума күнү болсо Россиянын мамлекет башчысы Рамаллага барып, Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен сүйлөшүү өткөрмөкчү.

Владимир Путин Жакыңкы Чыгыштагы сапарын улантып, шаршембиде кечинде Израилге келди. Кремлдин бир да жетекчиси буга чейин жөөт жергесине расмий визит жасай элек болчу.

Бул сапар бир кездери душман катары бааланып жүргөн эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өөрчүтүүгө жакшы пайдубал болуп бермекчи.

- Мен Израилге дагы бир жолу келгениме абдан кубанам. Бул менин үчүнчү жолку сапарым. Бирок Россиянын президенти катары биринчи жолу келип отурам - деген Путин тараптардын өз ара мамилелерин мындайча баалады:

- Эки өлкө ортосундагы кызматташуу соңку жылдары дурус өнүгүп келатат. Мындан бир нече эле жыл илгери Россиянын мамлекет башчысынын Израилге расмий визит менен келишин элестетүү да кыйын болчу - деди Путин Израилдин президенти Моше Катцавтын резиденциясында өткөн расмий кабыл алуу аземинде.

Чечен козголоңчуларына каршы күрөштү палестиналык согушкерлерге каршы күрөшүнө теңдеп жүргөн Путин Россия терроризмге каршы урушта Израиль менен кызматташышы керек деди.

Катцав болсо өз кезегинде Россия өсүп бараткан антисемитизмге кайдыгер болбоого тийиш деген каалоо-тилегин айтты:

- Россия эларалык терроризм менен күрөшкө чоң салым кошту. Биздин эки өлкөбүздүн орток кызыкчылыктары бар. Бир катар маселелерди координациялап туруш үчүн Израиль үчүн Россия менен алакаларды өнүктүрүү маанилүү.

Израилге чейин Путин Египетте иш сапары менен болуп, быйыл күзүндө Москвада Жакыңкы Чыгыш боюнча эларалык конференция өткөрүүнү сунуш кылган эле. “Жол картасы” деп аталган тынчтык планында ошондой жыйындын өткөрүлүшү каралган, бирок жыйын экинчи баскычта уюштуруулуга тийиш.

Тель-Авив тынчтык планы алдыга жылбай жатканын айтып, бул үчүн палестин тарапты күнөөлөйт. Палестиндер согушгер топторду куралсыздандыруу милдеттенмесин аткарган жок деп ырастайт Израиль өкмөтү.

Бирок Израиль дагы басып алынган аймактарда жаңы конуштарды курбоо жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт айылдарын көчүрүү милдеттенмесин ишке ашырган жок.

Израилдин премьери Ариэль Шарондун кеңешчиси Асаф Шарив мындай конференция өткөрүү эртелик кылат деген пикирин билдирди.

АКШнын да конференция идеясына карата реакциясы бир топ салкын болду. Шаршембиде мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Скотт Маклеллан мындай деген комментарий жасады:

- Биз, биринчиден, азыркы кырдаалды карап чыгышыбыз керек. “Жол картасында” конференция чакыруу каралган. Аны өткөрүү убакыты бышып жетээр деп ишенебиз. Бирок азырынча ага шарт түзүлө элек, күзгө чейин бир нерсе өзгөрөт деп ойлобойм.

Эртең (жума күнү) Владимир Путин Рамаллага барып, Палестин атвономиясынын лидери Махмуд Аббас менен жолугушмакчы.
XS
SM
MD
LG