Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

ООГАН МАҢ АТКЕЗЧИЛЕРИНИН АНАБАШЫ АКШда КАРМАЛДЫ


Нью-Йоркто атактуу Ооган маң аткезчи Башар ажы Нурзай карамалды. Нурзай буга дейре мурдакы талип режимин жардыргыч заттар, каруу жарак жана аскерий күчтөр менен камсыздады деп күнөөлөнүп жаткан. Эми ага Кошмо Штаттарга 50 миллион доллардан ашуун суммага героин алып кирмек болду деген күнөө коюлду. Нурзайды АКШ бийликтери кармоого куштар 10 өтө коркунучтуу маң аткезчи жана уюмдун кара тизмесинде болчу.

Федералдык прокурор Дэвид Келли дүйшөмбү күнү Нью-Йорк сотунда жасаган билдирүүсүндө Башар ажы Нурзай героин сатып байыганына өзгөчө көңүл бурду:

- Биз Ооган маң аткезчилеринин эң көрүнүктүүсү Нурзайдын камакка алынганын жарыя кылганы буерге келдик. Ал Молдо Мохаммед Умар жана талиптер менен ыплас союз түзүп, акыркы 15 жылда героин сатып көп миллиондогон доллар тапкан.

Нурзайга Манхэттен округунун федералдык прокурору 1990-жылдардан тартып Ооганстандагы жана Пакистандагы лабораторияларда героин өндүргөн аткезчи уюмду жетектеди, Ооганстанда апийим өстүрдү, АКШга жана Европага героин жөнөтүүгө арачылык да кылды деген күнөө такты. Дэвид Келлинин билдиришинче:

- Биз Нурзайга Кошмо Штаттарга жашыруун жөнөтүү жана сатуу үчүн 500 килограммдан көп ооган героинин топтоду деген эки бөлүктөн турган айып койдук. Героиндин баасы 50 миллион АКШ долларынан көп болот.

Келли мурдакы талип бийликтери менен ооган маң аткезчилер ортосундагы байланышка да токтолду:

- Талиптер менен Ооганстандын маң аткезчилеринин башчылары ортосундагы байланыштан күмөн жок. Айыптоодо Нурзай менен талиптер өз ара байланышта болгону айтылат. 1990-2004-жылдардын арасында Нурзай жана анын уюму талиптерди жардыргыч заттар, курал жарак жана желдет менен камсыздаган. Анын акысына талиптер Нурзайдын апийим талааларын, героин лабораторияларын жана өлкөдөгү маң заттарды ташыган жолдорун коргоп берген.

Талиптердин өкүлү Абдул Хави Мутмаин шейшемби күнү Пакистанда жайгашкан Ооган Ислам Пресс агенттигине Нурзай талиптерге эч качан акчалай же каруу жарактан жардам көрсөткөн эмес, талиптер бийликтин акыркы жылы маң заттарына жана апийимчиликке каршы чечкиндүү күрөшкөнүн билдирди.

Мындай пикирге БУУнун Маң заттарын контролдоо программасынын Ооганстандагы кеңсесинин орун басар директору Александре Шмидт кошулбайт:

- Талиптердин акыркы жылы апийим өстүрүүгө жапыра тыйуу салганы чындык. Анын натыйжасында апийим өстүрүү кескин азайган. Бирок, ошол эле учурда апийимдин базардагы баасы көтөрүлгөн. Талип режими астында апийимдин кору калган. Арийне, алар андан пайда көрүштү. Талиптер маң заттарына карамандай каршы турду деп айтпас элем. Алар, кырдаалга жараша, адегенде апийим өстүрүүгө өбөлгө түзсө, кийин ага тыйуу салышты. Максат кирешени көп алуу эле.

Шмидт ошондой эле Нурзай талип режимин аскерий техника менен жабдыды деген айыптоону колдоду:

- Албетте, Ооганстанда талиптердин колдоочусу жана маң аткезчи катары таанымал Башар ажы Нурзай мырзанын камалганы чоң ийгилик. Бул адамдын кармалганы маң аткезчилигине каршы күрөштөгү да чоң жеңиш экени талашсыз. Нурзай мырза Кандагар провинциясындагы нурзай уруусунун түптүү мүчөсү жана өтө бай адам экени бизге маалым. Нурзай мырза талип режими мезгилинде талиптерди зарыл жабдуулар менен камсыздап, колдоп турган.

Башар ажы Нурзайдын айыбы далилденсе, ал азы он жылга, көбү өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG