Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛОО: ЖОРОМОЛДОН ЖОЛ ТИЙБЕЙТ


Бекташ Шамшиев Президент шайлоо камылгасы кыргыз басылмаларындагы негизги тема боюнча калууда. Талапкерлердин кимдиги, элдик сынга алар кимдер менен биргелешип чыгары, калк алдындагы кадыры тууралуу аркыл жоромол кептер айтылууда. Кыргызстандагы саясий-экономикалык орчун окуялар кыргыз басылмаларында кандай чагылдырылууда?

Жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде мамлекеттик катчынын милдетин аткарып аткан Дастан Сарыгуловдун маеги жарыяланды.

«Он беш жыл бою элдин ырыскысын уурдап жеп, өлкөнү талкалаган, жети тукумуна жетээрлик байлык топтогон, өз элин тентиткен адам өлкөдөн чыгып качып баса берди. Калыстык кайда? Же президенти, же депутаты эч нерсеге жооптуу болбогон бул кандай система өзү?» деп суроо коет мамкатчы.

Анын ырасташынча, азыркы бийлик системасын түп-тамырынан өзгөртүү үчүн өлкөдөгү ар бир үч миң шайлоочудан бир өкүл, баш-аягы 700-800 кишиден турган элдик курултайга ишеним арткан оң. Жыл сайын чогулган элдик өкүлдөр бийлик жетекчилеринин отчетун угуп, алардын ишине баа берип, президенттен башкасын кемчилиги болсо кызматтан алышат. Президентти иштен алуу маселесин жалпы эл чечет.

«Азыр бир айда колуна 200 сом акча кармабаган адамдар бар. Жетекчилердин болсо мингени «жип», «мерседес». Жетекчилер элге кул болуп иштегиси келбейт. Ачык эле айтайын, мага бир айдан бери адамдар келибатат, сурагандары кызмат», дейт Д.Сарыгулов.

Ушул эле гезитте Баткендеги чек арага жакын жерлерди тажиктердин басып алышы тууралуу Эмилбек Момуновдун макаласы жарыяланды.

«Бир эле Лейлек району боюнча 637 гектар аянтты тажиктер басып алышкан. Эми аларды мушташып да, атышып да чыгара албайсың», деп жазат автор.

Ушу тапта карапайым калкты, өзгөчө аялдарды өз кызыкчылыгына пайдаланып, ызы-чуу чыгарып, ансыз да калтылдап араң турган өлкөнүн тагдыры менен ойноого кызыкдар күчтөр чыкканын жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Жыпара Жээналиева жазып чыкты. Чаарбаштары чатакты ырбатып, опур-топурду күчөтүп атышканын көрсө көрмөксөн болуп турган бийликке таң калам, дейт макала автору.

«Кеп Бакиев же Куловдо эмес, кеп келечегибизде» деп жазат Мирлан Дүйшөнбаев. Анын ырасташынча, айрым социологиялык сурамжылар К.Бакиевдин рейтинги жогору экенин көрсөтүүдө. Бирок, шайлоодо кимдин мөрөйү үстөм болорун алдын-ала айтуу кыйын. Ф.Кулов үчүн элеттеги карапайым калкы менен өз эне тилинде эркин сүйлөшүүсү проблема бойдон калууда.

Акаев качып кеткени менен артында акаевчилик, акаизм калды. Философ Рахат Ачылова мына ушул жагдай жайында ой жүгүртөт. Акаевчиликке мүнөздүү көрүнүш, ириде сөзү менен ишинин дал келбегени, калпты мамлекеттик деңгээлге чыгаруу, эл атына жамынуу, үй-бүлөнү мамлекет башкаруу ишине аралаштырып, кызмат орундарын сатуу. Режим кулаганы менен аны ичтен азыктандырган булактары жоюла элек.

А.Акаевдин үй-бүлөсү Кыргызстандын ички дүң продуктунун 20% ээ болгон. Мындай оорчулукту көтөрө албаган өлкөнү коррупция сазга батырып, калктын басымдуу көпчүлүгү катуу жакырланып кеткен, деп жазат Семетей Талас уулу «Акаев жазмышы» деген макаласында.

КДК партиясынын төрагасы Ж.Жекшеевдин маеги жума күнкү «Агым» гезитинде жарыяланды. Анын айтымында, «көп эле айыл өкмөттөрүнүн аймагында кайсыбир белгисиз фирмалар, кайсы бир капчыгы калың адамдар, кайсы бир депутаттар оголе көп, чоң жерди мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы ээлеп алышыптыр».

«МСН» гезитинде Рина Приживойттун «Кайыкты калтылдаткан ким?» деген макаласына орун берилген. Кыргызстандагы саясий кырдаал селкинчек сындуу токтолго таппай туру, Бакиев менен Кулов эки айры жол менен шайлоого чыгарын билдиришкен соң, татыктуу талапкерлердин көбүнүн ындыны өчүп, чоң сыноого чыкчулардын катары суйдаң тартып кетти, деп белгилейт макала автору.
XS
SM
MD
LG