Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Шаарды тазалоо иштерине 18 миң доллар жардам берилди


НАРЫН. 28-апрелде Кыргызстан шаарлар ассосациясынын аткаруучу деректири Болот Асанакунов Нарын шаардык коммуналдык чарба бирикмесинин карамагына беш “Газел-3” үлгүсүндөгү жүк ташып түшүрүүчү автоунааны өткөрүп берди. Шаардын акими Бейшеналы Боогачиевдин айтымында, бул автоунаалар шаардын чөлкөмдөрүнө бекитилип, шаардын акыр-чикирлерин өз убагында тазалоого пайдаланылат. Автоунаалардын наркы 10 миң долларды түзгөн. Ал эми 8 миң доллар өлчөмүндөгү каражатка болсо шаар калкын таза суу менен камсыздоочу Акбешим суу түйүнүндөгү хлорлоочу жайды жана таштанды төгүлүүчү Каргажайлоо аймагын реконструкциялоого чегерилет.

XS
SM
MD
LG