Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

«Манас Интернешнл сервис» компаниясы текшерүүгө каршы


БИШКЕК. Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропортунан келерки айдан кийин самолеттор учпай калышы мүмкүн. Мындай маалыматты 28-апрелде «Манас Интернешнл сервис» компаниясынын башкы директору Валерий Поляков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга авиакеросиндин жоктугу башкы себеп болот. Анткени, аэропортто май айына жетүүчү эле керосин бар. Ал эми компания банктагы эсептери камакка алынгандыктан башка өлкөлөрдөн май сатып келе албай жатат. Компаниянын эсептери экс-президент Аскар Акаевге тиешелүү үй-мүлктөрдүн иликтелишине байланыштуу убактылуу токтотулган. Валерий Поляковдун айтымында, бул аракет жалпы өлкөнүн экономикасына зор зыян алып келиши мүмкүн. Ал эми вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 27-апрелде авиакеросин сатып алуу Казакстандагы жазгы талаа иштерине байланыштуу убактылуу токтоп тургандыгын, маселе Казакстандагы сапары учурунда чечилгендигин билдирип, эми операторлор арасында тендер өткөрүлөөрүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG