Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Президенттикке талапкерлер биригишүүдө


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов жана белгилүү нарколог дарыгер Жеңишбек Назаралиев 28-апрелде Бишкекте жолугушуп, президенттик шайлоодо чогуу аракеттенүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Жеңишбек Назаралиев президенттик шайлоодо Феликс Кулов менен чогуу бир тандемде чыкпай тургандыгын журналистерге маалымдады. Ошондой эле ал жакын арада алар Жогорку Кеңешке шайлоо кампаниясы учурунда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү максатында учурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин шайлоого катышуу үчүн кызмат ордун тапшырттырууну өтүнүп кайрылыша тургандыгын билдирди. Феликс Кулов жана Жеңишбек Назаралиев буга чейин президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG