Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Шайлоочулар талабынан кайта элек


БИШКЕК. 28-апрелде эки жумадан бери Жогорку Соттун имаратын ээлеп алып отурушкан №6,59,21,28,27 шайлоо округунун шайлоочуларынын бир тобу Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барып пикет өткөрүштү. Алар муну менен Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын тезинен канааттандырууну талап кылышты. Андан тышкары жаңыдан пайда болгон жагдайларга байланыштуу Жогорку Соттун коллегиясы беш шайлоо округундагы талапкерлердин талашы боюнча кабыл алган мурунку чечимдеринин баарын кайра кароону талап кылышты. №6 Асанбай шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттан ажыратылган Шарипа Садыбакасованын жактоочусу Алмаз Аттокуров: Биз соттун мурунку коллегиясынын ордуна башкалар келүүсүн талап кылып жатабыз. Алар сөзсүз түрдө кетишет, андан башка аргасы жок. Андан тышкары жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу бул иштердин кайра каралуусун талап кылып жатабыз. Анткени, Граждандык-процессуалдык кодексте «эгер судьялар Конституцияга карама-каршы келген мыйзамсыз чечимдерди кабыл алса, ал кайра каралат» деп жазылган беренеси бар. Ал эми Жогорку Соттун имаратында отурган пикетчилер талаптары аткарылбаса соттун имаратын өрттөөгө чейин барышаарын жарыя кылышты. Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмонов арызын 26-апрелде жазган жана ал 27-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине жиберилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG