Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Роза Отунбаева Казакстанда иш сапары менен жүрөт


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Казакстанга болгон иш сапары уланууда. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Роза Отунбаева Казакстандын өкмөт башчысы Даниел Ахмедов, Тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев жана парламент төрагасы менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык кызматташтык жана Казакстанда жашап, эмгектенишкен кыргызстандык атуулдардарга байланыштуу маселелер талкууланды. Казакстандык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, учурда Кыргызстандын аймагында 400дөн ашуун казак-кыргыз биргелешкен ишканалар иш алып барышууда. Роза Отунбаеванын Казакстанга болгон иш сапары 27-апрелде башталды жана 29-апрелде соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG