Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

24-март ынкылабы Казакстандын Кыргызстанга болгон мамилесин өзгөртпөдү


Кыргыз республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Астанага күтүүсүз визит менен келди. Отунбаева бүгүн эле Казакстандын премьер-министри Даниял Ахметов жана тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев менен кездешип, эки өлкө арасындагы карым-катнашка байланаштуу маселелерди талкууды.
Токаев ырасмий Астана Кыргызстанды региондогу күчтүү өнөктөшү деп санаарын билдирди. Кыргызстанда болгон окуялар Казакстандын ырасмий көз карашын өзгөртпөдү. Биз Кыргызстанга жардам берүүгө жана көп жактуу өз ара байланышты өнүктүрүүгө даярбыз. Казак өкмөтү Кыргызстанга гумманитардык жардам катары 1 миң тонна буудай жана 10 миң тонна кара май жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алганын айта кетейин.деди Касымжоомарт Токаев.
Токаев ошондой эле өткөн айда “Кыргызстанда болгон окуялар Казакстанда кайталанышы иш жүзүндө мүмкүн эмес” деди.

XS
SM
MD
LG