Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ БИР БӨЛҮГҮ АНЫКТАЛДЫ


Ырысбай Абдыраимов 29-апрелде мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын паритеттик негиздеги комиссиялары кезектеги сүйлөшүүсүн аяктады. Төрт күнгө созулган жыйында тараптар коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы бир чакырым 600 метрге жакын чек ара сызыгын аныктоого жетишти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 1300 чакырым. Анын миң чакырымдайы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн паритеттик комиссиялар буга чейин аныктаган. Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Саламат Аламановдун жообуна караганда бул ирет коңшулаш алты облустун ортосундагы так эмес жерлер изилденип, тиешелүү документтердин негизинде Баткен облусу менен Фергана облусунун ортосундагы бир чакырым 600 метр жер аныкталды:

- Документтерди изилдеп, иликтөөнүн негизинде Баткен, Фергана облусунун чегиндеги бир километр 600 метрге жакын чек аранын сызыгын тактаганга мүмкүнчүлүк болду.

Жалалабат жана Ош облустарына тиешелүү жерлер боюнча комиссиялар бир пикирге келе алышканы жок:

- Колдо бар документтерди карап чыктык.Бирок ушул отурумда тактаганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондуктан келерки жолугушууга чейин дагы кайра айыл өкмөттөрүндөгү, райондогу адистер менен чогуу изилдеп, карап көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык - деди Саламат Аламанов.

Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары мекемесинин башчысы Назирбек Бөрүбаев облустун эки району жана Фергана облусу чектешкен жайлар акырына чечилерине ишенимин билдирди:

- Бизде Өзбекстандын төрт анклавы жайгашкан. Андан башка дагы Шахимардан, Чоңгара, Сох деген анклавдар бар. Бул маселе акырын-акырын чечилет .

Анын Фергана облусундагы кесиптеши Урманжан Дадажановдун жообу кыска болду:

- Булардын варианттарын колдойбуз. Өзбек, кыргыз калкы дос бойдон калат.

Саламат Аламановдун айтуусунда, кКалган так эмес жайларды изилдөө паритеттик комиссиялардын мындан аркы кездешүүлөрүндө каралат:

- Тактала элек жерлерин кошумча изилдеп, айрым жерлерди талаага чыгып жеринде документтер, карталар менен тактап, шарттарын карап анан келерки кездешүүдө чечели деп ишти бүтүрдүк.

Жалалабат облусу менен Өзбекстандын ортосунда 20дан ашык талаш жердин он бири Аксы районуна таандык. Райондун мурдагы акими Абдымалик Эгембердиевдин ырасташынча Өзбекстан менен 133 чакырымда чектешкен райондогу жерлер мурда картага туура эмес түшүрүлгөн. Кыргызстанга да, Өзбекстанга да өтүп кеткен жерлер бар.

- Сызыгын жазууда 100-200 км. узундуктагы чек араны бир абзац менен жазып койгон учурлар болгон. Кээ бир участкаларда картографиялык материалдарга түшүрүлгөн чек ара сызыгы протокол менен бекитилген чек ара тууралуу жазууга туура келбей жатат. Аксы району Өзбек Республикасынын Жаңыкоргон району менен 29,7 км., Чартак району менен 68,5 км., Учу району менен 16,5 км., Үчкоргон району менен 16,4 км., жалпысынан 133 км. аралыкта чектешкен. Сүйлөшүүлөргө карабастан Аксы району менен Өзбекстан Республикасынын райондору 11 аймак боюнча бир пикирге келише алышпай, маселе чечилбей келе жатат. Бир жерден бизге, бир жерден бизден Өзбекстандын аймагына өтүш керек болууда -- деди Абдымалик Эгембердиев.

XS
SM
MD
LG