Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

АТААНДАШТАР АЙРЫЛЫШ ЖОЛГО САЛЫШТЫ


Бекташ Шамшиев Президенттик шайлоого талапкерлердин саны жетиге жетти. Анткен менен көпчүлүк К.Бакиев менен Ф. Куловдун ортосунда чоң таймаш болорун күн мурунтан эле болжолдоп келатат. Калк ынтымагы үчүн экөөнүн президенттикке бирге чыгышы айтылганы менен сыноо жакындаганда алардын жолу айры кетери айкынга чыкты.

24-марттагы элдик ыңкылаптын деми А.Акаев заманында бири өкмөт башчылыкка, экинчиси вице-президенттик орунга жеткен эки саясий лидерди алдыга чыгарып, жаамы журттун ыкласы ушул экөөнө түшүп, бир айга чукул убакыт Бакиев-Кулов чечимин күтүү менен өттү.

Он жыл түрмөдө отурчу «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин Жогорку сот тарабынан толук акталгандан кийинки биринчи сөзү президенттик шайлоого барар-барбасын жаңы өкмөт башчы К.Бакиев менен сүйлөшүү тууралуу болду. Анын жыйынтыгына карап президенттикке барар-барбасын жарыя кыларын айтты:

- Мен үчүн бул өтөле оор маселе. Ал баарыдан мурда биздин өлкөдөгү элдин биримдиги менен бейпилдигин сактоого байланыштуу. Муну айтып аткан себебим, өлкөнүн туруктуулугуна таасир көрсөтө алчу биртоп жагдайлар бар. Менин шайлоого катышар-катышпасым күтүлбөгөн залаканы алып келбеши үчүн баарын жакшылап таразалап, Курманбек Бакиев менен кеңешип келишим туура болуп турат. Ушундан кийин гана чечим кабыл алам. Билесиңер, бул өзү жооптуу кадам.

Эки талапкер көптөр күткөн жолугушууда эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн Курманбек Бакиев улуттук телекөрсөтүү аркылуу жалпы элге момундай жарыя кылган жайы бар.

- Мына ушул сиз менен бирге барып, эл колдосо, мен өзүмдүн штабым менен сизге барып жардам берип, сиз президент болсоңуз мен премьер-министр болоюн деп сөз болгон экөөбүздүн ортобузда. Бирок акыркы кезде ал киши андай убадасынан баш тартып атат. Кечээ биз жолукканда мен деле коеюн, мамлекеттик стабилдүүлүк болуш үчүн мен деле коеюн, кандай дейсиз дейт. Мен айттым, ал ар бир граждандын өзүнүн укугу, сиз коюң, мен коеюн, деген дагы 5-6 киши чыгар, 10 -15 киши чыгар. Эч кимди айта албайсың койбо деп. Бирок, биз экөөбүз жигитче сүйлөштүк. Бара турган болсок шайлоодон кийин жеңилип калган кандидат болсо элди көчөгө алып чыкпай, элге акча бербей, элдин добушун сатып албай, таза шайлоодо таза күрөшөлү деп экөөбүз сүйлөштүк. Эми кандай болот – аны убакыт көрсөтөт.

Мындан келди, элдик ыңкылаптын шарданында бийликке келген К.Бакиев менен 10 жылдык түрмөдөн алеки саатта бошонгон Феликс Куловдун саясий дымагы жаамы калк күткөн мунасага келтирбеди. Келиши да мүмкүн эмес болчу. Парламенттик республика болушту жактаган эки талапкер тең азырынча президенттик кызматта отурууну каалашат. Бири президенттикке жетсе экинчисине өкмөт башчылыкты беришке даяр. Иши кылып, президент шайлоо негизги эки талапкердин ортосундагы атаандаштык алдында өтөт окшоп калды. Мындай жагдай, парламент депутаты Мелис Эшимкановдун ырасташынча, таймаштын кыйла курч өтүшүн шартташы ыктымал.

- Шайтанды коркуткандай түштүк-түндүк тирешип кетет деп атат. Андай деле болбойт. Анткени К.Бакиевдин командасында түндүктөн деле кишилер жүрөт. Кечээтен бери көрүп атам, Куловдун командасына түштүктүн 7-8 күчтүү саясатчысы кошулуптур. Ошон үчүн мындан бир трагедия жасап кереги жок.

Мелис Эшимканов Кулов-Бакиев биримдиги болбой калгандан ортодо чоң жаңжал, ачык тирешүүнүн чыгышы күмөн деген пикирде.

Парламент депутаты Дооронбек Д.Садырбаев алдыдагы шайлоонун адилет өтүшүнө ишенбейт. Себеп дегенде, эки талапкердин бири эңгезердей административдик кубатка ээ, экинчиси болсо калк көңүлүнө төп келер сунуш айтууга уста.

- Ошон үчүн жападан-жалгыз Кыргызстанда тынччылыкты сактап калуунун жолу - бардык кандидаттарга бирдей шарт түзүп бериш керек. Ошондо гана мына муну эл колдоп кетти деп эл моюн сунат эле. Мына бул жерде менин не Бакиевиң, не Текебаевиң менен кайнасам каным кошулбайт! Кулов менен да кайнаса каным кошулбайт! Кулов дагы, Бакиев дагы эч качан оппозиция болгон эмес!

Президент шайлоонун үгүт иштери 14-июндан тарта башталат. Бирок да, ушу азыртан эле айрым талапкерлерди алдыга чыгарып мактоого алуу жосуну башталып калды. Борбордук шайлоо комиссиясы андай аракеттер мыйзамга кайчы келерин эскертүүдө. Феликс Кулов менен Жеңишбек Назаралиев азыртан эле аларга улуттук телекөрсөтүү аркылуу чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгү берилбей атканын белгилешүүдө. Жаңы өкмөт талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп, калыс шайлоо өткөрүүгө Кыргызстандын чама-чаркы жетиштүү экенин улам-улам айтып келет.
XS
SM
MD
LG