Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ: КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН КАНДАЙ БАШКАРУУ ЫКМАСЫ ЫЛАЙЫК?


Бакыт Аманбаев Конституциялык кеңешменин бүгүнкү (29-апрелдеги) отурумунда 24 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү. Андан соң Кеңешменин катышуучулары Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өз сунуш-пикирлерин айта башташты. Айрым саясатчылар Кыргызстанга келчекте президенттик башкаруу ыкмасын киргизүү зарыл дешсе, айрымдары парламенттик же аралашма башкаруу ыкмасы ыңгайлуу экендигин сунушташты.

Конституциялык кеңешменин катышуучулары адегенде курамы 24 адамдан турган жумушчу топ түзүштү. Ал топ кыска мөөнөттүн ичинде Конституциялык реформанын алгачкы долбоорун иштеп чыгып, Конституциялык кеңешменин жалпы талкуусуна сунуштай турган болду.

Андан соң “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири Зайнидин Курманов “Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы керек” деген темада жыйындын катышуучуларына доклад жасады.

Саясат таануу илиминде бери дегенде эки түрдүү - республикалык жана монархиялык башкаруу ыкмасы тууралуу айтылат. Республикалык башкаруу ыкмасы өз мезгилинде, президенттик жана парламенттик деп экиге бөлүнөт. Чыныгы президенттик башкаруу ыкмасында президент жана өкмөт башчылык милдет бир адамдын колуна, тагырак айтканда мамлекет башчыга берилет. Президент болуп шайланган адам өз өкмөттүк тобу менен белгилүү мөөнөттө каалагандай кадр саясатын жүргүзүп, өз план-программасын аткарат. Ошол эле мезгилде президенттин баардык аракети парламент тарабынан толук көзөмөлдөнүп турат. Эгерде президент элдин кызыкчылыгына каршы аракеттерге барса, дароо бир эле депутаттын демилгеси менен ага импичмент маселеси көтөрүлөт.

Ал эми парламенттик башкаруу ыкмасы учурунда Жогорку Кеңешке олуттуу ыйгарым укуктар берилет. Өкмөт курамы толугу менен парламент тарабынан шайланат жана өкмөт парламент алдында жоопкерчиликтүү болот.

Ошондой эле дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө аралашма, тагыраак айтканда, президенттик-парламенттик башкаруу ыкмалары колдонулуп келет. Бул учурда президент жана өкмөт башчылык кызмат орундары сакталып калат.

Конституциялык кеңешменин катышуучулары 29-апрелдеги отурумунда мына ушундай башкаруу ыкмаларынын ичинен кайсынысы Кыргызстанга ылайыктуу деген суроо боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Бул тема боюча доклад жасаган Зайнидин Курмановдун пикиринде, Кыргызстанга парламенттик башкаруу ыкмасы ылайыктуу:

- Парламенттик башкаруу учурунда саясий партиялардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берилет. Жердешчилик деген жок болот. Өкмөт парламентке баш ийиш керек. Эң жогорку бийлик парламент болуш керек. Ошондо гана адилеттүүлүк орнойт.


Ушундай эле пикирди Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» партиясынын жана башка саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү айтышты:

- Биз көптөн бери бул маселени талкуулап келебиз. «Арнамыс» партиясынын пикиринде, парламенттик башкаруу ыкмасына өтүү зарыл. Башкача болушу мүмкүн эмес. Анткени он беш жылда президенттик-парламенттик башкаруудан кандай жыйынтык болду. Он беш жылда Кыргызстанда жеке бийлик орноду, -
деди «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев.

Ошондой эле Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкаруу ыкмасы ылайыктуу деген ойлорун айтышты.

- Мен аралашма башкаруу ыкмасын колдойм. Чында эле өлкөдө эл тарабынан шайланган президент, күчтүү өкмөт жана күчтүү парламент болуш керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт, - деди Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев.

Ал эми жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун пикиринде, парламенттик башкаруу ыкмасы Кыргызстан үчүн эртелик кылат:

- Кандай башкаруу ыкмасы болсо да, бир адамдын колуна эбегейсиз бийликти бербеш керектигине кыргыздардын көзү жетти. Ар кандай башкаруу ыкмаларынын арасынан Кыргызстанга паламенттик-президенттик башкаруу ыкмасы ыңгайлуу. Учурда таза парламенттик башкаруу керек деп айтып жатышпайбы. Таза парламенттик болгондо, азыркыдай шайлоо жолу менен келген депутаттарга бийликти берүү опурталдуу. Парламенттик башкарууга өтүүгө азырынча даяр эмеспиз.

Ошентип, азырынча Конституциялык кеңешменин катышуучулары тарабынан эки түрдүү - чыныгы парламенттик жана президенттик-парламенттик мамлекеттик башкаруу ыкмасы сунушталууда.

Соңку конституциялык реформанын маңызы мына ушул талаштуу маселенин кандай багытта чечилишине байланыштуу болот дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG