Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Отунбаева Астанада


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Казакстанга сапары учурунда премьер-министр Даниял Ахметов, тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөрдү. Казакстан өкмөт башчысы Ахметов Кыргызстандагы экономикалык кырдаалды турукташтыруу үчүн Казакстан базарына кыргыз айыл чарба продукцияларын өткөрүүнү жеңилдетүү, темир жолдо 3 айлык мөөнөттө жеңилдик берүү, авиакеросин, күйүүчү май сатуу маселесин чечүүнү казак өкмөтү караштырып жатканын билдирген. Роза Отунбаева өз кезегинде кыргыз эмгек мигранттарына жеңилдик берүүнү сунуштап, 18-апрелде вице-премьер-министр Данияр Үсөнов менен казак министри Владимир Школьник кол койгон протоколду аткаруу боюнча Бишкек тийиштүү чараларды көрүп жатканын билдирген. Казакстан Сенатынын төрагасы Нуртай Абыкаев Роза Отунбаева менен жолугушууда Казакстан Кыргызстанда тынчтык жана туруктуулук орношуна чын ниеттен кызыкдар экенин билдирип, Казакстан парламентинде Кыргызстан достору аттуу топ түзүү аракети болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG