Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Жогорку Кеңеш паспорт маселесин көзөмөлгө алды


БИШКЕК. 29-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргызстан атуулдарын паспорт менен камсыздоо маселесин кароо улантылды. Анын жыйынтыгында токтом кабыл алынды.Токтомдо паспорт жасоочу жабдууну сатып алуу, 2004-жылда чыгарылган паспорт менен элди тез арада камсыздоо,1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун жарактуулугун узартуу, паспорт жасоо боюнча жаңы тендер жарыялоо жана паспорт берүүгө адистешкен Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча агенттиктин ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү өкмөткө сунушталды. Токтомдун аткарылышы боюнча өкмөт 15-майда Жогорку Кеңешке маалымат берүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG