Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРТҮЛӨӨРҮ ЖЕ ТОЛУК ЖАҢЫЛАНААРЫ БЕЛГИСИЗ


Кыргызстанда конституциялык реформа жүргүзүү аракети башталды. Бирок, Конституцияны өзгөртүү боюнча бир орток пикир жок.

Конституциялык кеңешменин алгачкы күнү башкы милдет- мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу экендиги анык болду. Ошон үчүн башкарууну бир адамдын, тактап айтканда, президенттин колунан алып, парламент менен өкмөткө теңдештирип бөлүп берүү керек деген маселе биринчи даражада турат. Ошол эле учурда жаңы Конституция түзүлөбү же ага өзгөртүүлөр киргизилеби деген маселе көпчүлүктү ойго салууда.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Темир Сариев жаңы Конституцияны түзүүнүн зарылдыгы жок, анын урунттуу жоболорун өзгөртүү гана керек деген пикирде. Анын ою боюнча Конституцияда камтыла турган олуттуу маселелер төмөнкүлөр:

- Конституциялык кеңешменин негизги багыты Конституцияны жакшы жакка өзгөртүү болуш керек. Бардыгын кайра жазабыз деген туура эмес. Анткени, Конституциянын бир топ жоболору туура жазылган. Акыркы өзгөртүүдө эле адам укуктарына атайын бир глава арналган. Анын баары иштеп жатат. Кеңешме негизинен 3-4 маселеге көңүл буруусу керек. Анын биринчиси-кандай мамлекеттик түзүлүш керек деген маселе. Менин оюмча, бизге күчтүү парламент, кубаттуу өкмөт жана калыс президент керек.

Темир Сариевдин айтымында, бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Конституцияга парламенттик шайлоону пропорционалдык-мажоритардык система менен жүргүзүү жөнүндөгү жобону киргизүү зарыл:

- Партиялык система менен шайлоону киргизбесек, шайланып келген депутаттардын ар биринин кызыкчылыгы ар түрдүү боло берет. Анткени, өз округундагы шайлоочулардын талабын аткарам деп убада берип шайланып келген депутаттар жеке маселесин чечем деп жатып, улут менен мамлекеттин кызыкчылыгын экинчи даражага коюп жатышат.

Мындай ой өлкөдөгү бардык саясий партиялардын мурдатан берки көйгөйү болчу. Ошондуктан, саясий партиялар партиялык тизме менен келчү депутаттардын санын 50 проценттен кем кылбоону сунуш кылышууда. Ал тууралуу «Менин өлкөм» саясий партиясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев:

- Элүү проценттен кем болбош керек. Себеби, парламенттик шайлоо коомдун өзгөрбөгөндүгүн жана парламентке кандай адамдар, кандай жолдор менен шайланып келээрин көрсөттү. Бул саясий партиялар өнүкмөйүн коом өнүкпөй тургандыгынын далили. ,- дейт.

Азыр коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган маселелердин дагы бири - президенттин кайсы укук милдеттерин парламент менен өкмөткө алып берүү керек жана президент кандай укукка ээ болушу керек деген маселе болууда. Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев президенттин жоопкерчилигин көбөйтүп, аткаруу бийлигин да ага берүү керек деген ойдо:

- Президент аткаруу бийлигинин да башчысы болушу керек. Президент Конституциянын аткарылышына көзөмөл салып кепил болот деген сөздү алып салыш керек. Мындай өзгөртүү президенттин жоопкерчилигин жогорулатып, парламент менен тыгыз иштешүүгө мажбур кылат. Ошондо президент туура эмес иш кылса, аны парламент тактап коет, туура ишке барса, колдоп коет. .

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов премьер-министрдин укук милдеттерин кеңейтүү керек деген ойдо. Анын баамында, өкмөт башчыга жалпы экономикалык тармакты тейлөө укугу толук берилсе, президенттин бийлиги өзүнөн-өзү алсырайт:

- Премьер-министр экономика тармагына көбүрөөк жооптуу болуш керек. Ошондо президенттик администрация өзүнөн-өзү жоюлат. Азыр президенттик администрация менен өкмөттүн иши бири-бирин кайталап турат. Премьер-министрдин аппараты бир иш жасаса, аны президенттин администрациясы жокко чыгарып, ал өзүнчө жасайт.

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Кыргызстанда президенттик бийликти такыр эле жоюп, парламенттик республикага айландыруу керек деп сунуштап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, парламенттик өлкөгө айландыруу азыр мамлекет үчүн опурталдуу. Себеби, акыркы шайлоо коомдун ага даяр эмес экендигин көрсөттү.

Байкоочулардын айтымында, конституциялык реформа жүргүзүүдөгү олуттуу милдеттердин дагы бири –сот системасын бекемдөө жана ага негиз берген жобону киргизүү. Андан кийин борбордук жана жергиликтүү бийликтин карым-катнашын тактоо жана катардагы атуулдун конституциялык укугун коргоо жоболорун бекемдөө.

Бирок, саясатчылар айтып жаткан мындай сунуш-пикирлерден карапайым калк азырынча кабарсыз жана алардын көз караштары белгисиз. Ошондуктан, конституциялык кеңешмеге мүчө депутаттардын айрымдары өз шайлоочуларынын оюн билгенден кийин гана так сунуштарды киргизүү керек деген пикирде турушат. Алардын бири Аскарбек Шадиев:

- Азыр Конституцияны өзгөртүүнүн так рецепти жок жана аны эч ким анык билбейт. Ошон үчүн элдин ой-пикирин чогултуп келип, анан такталган сунуштарды киргизебиз. Ар бирибиз эле өз оюбузду айта бергенибиз туура эмес. Элдин оюн угуп, көптөгөн кеңешмелерден кийин гана так чечимге келишибиз керек.

Мындан тышкары азыр кеңешме даярдаган долбоор Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алынабы же референдум аркылуу кабылданабы деген маселе талаш болууда. Саясатчылардын көбү референдум аркылуу кабыл алынат деген ишенимде. Бир топ саясатчылар буга макул эмес. Алардын айтымында, референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү акыркы жылдары элдин ишениминен чыкты. Ошон үчүн долбоор жалпы элдик талкуудан кийин Жогорку Кеңештин үч жолку кароосу менен кабыл алынсын деп сунуштап жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов Конституция кабыл алынгандан кийин ал бир топ жылга чейин өзгөртүлбөйт деп чек коюу да абдан зарыл.
XS
SM
MD
LG