Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Украина Беларусь бийликтерин украин демонстранттарына каршы күч колдонду деп айыптады


КИЕВ. Украинанын тышкы иштер министринин билдиргенине караганда, Беларустагы демонстрация учурунда камакка алынган беш киши полициядан токмок жегенин айтышкан. Алардын жараат алган-албагынын аныктоо үчүн Украинанын Беларустагы дипломаттары камалган жарандарды медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылышты. Беларусь бийликтери Чернобылдагы кырсыктын 19 жылдыга байланышкан нааразылык акциясына катышкан демонстранттардын 30дан ашуунун камап салды. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун калкты радиациялык булганууга дуушар болгон жерлерге кайрадан көчүрүп баруу пландарына каршылык билдиришкен. Беларустун тышкы иштер министрлиги украин жана орус демонстранттарынын бирине да каршы күч колдонбогонун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG