Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Түркия Армения менен дипломаттык мамилелерди түзүүгө ниетүү


АНКАРА. Эки ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан Түркия Армения менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө ниетүү. Бул жөнүндө бүгүн Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Түркия менен Армения Түрк Осмон империясы учурунда түрктөрдүн армяндарга кыргын салганына байланыштуу оозэки араздашып келатышат. Армяндар Дүйнөлүк Биринчи Согуш учурунда түрктөр бир жарым миллионго жакын армянды кырып салган дешет. Түркия бул айыптоолорду четке кагып келатат. Бүгүн "Миллиет" гезитине берген интервьюсунда Эрдоган бул окуяны иликтөө үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылып, иликтөө тарыхый чындыкты аныктоого мүмкүндүк түзө турганын айтты.

XS
SM
MD
LG