Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИЛИК ЖАШАРЫП БАРАТАТ


Учурда СПИД оорусу менен бирге баңгилике каршы күрөшүү маселеси да глобалдуу ченемдерди алды. Советтер Союзу урагандан кийин Орто Азия мейкининдеги өлкөлөрдө баңги маселеси өтө курч турду. Кыргызстанда баңги заттарды колдоно баштаган адамдардын саны кескин түрдө көбөйө баштады. Ал эми адистер акыркы жылдары бул ооруга жаштар улам көбүрөөк тартылып баратат деген тынчсыздануусун айтып жатышат.

1992-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1997-жылы баңгилердин саны 5 эсеге көбөйгөн. Өзгөчө баңги заттарды колдонуу чоң шаарларда көбөйө баштаганы байкалат. Баңгилердин 70 пайызга жакыны Бишкекте жашайт. Ошто да бул ооруга чалдыккандар көп. Ырасмий маалыматтарга ылайык, 1998-жылы баңги заттарын ашыкча пайдаланганы үчүн 14 адам каза болгон.

Адистер өлкөдө баңгиликтин тарап кетишин Кыргызстандын географиялык жайгашуусу менен байланыштырышууда. Учурда республика боюнча 10 миңден ашуун адам ырасмий каттоодо турат. Бирок баңги заттарын колдонуп жүргөн адмдардын саны мындан да көп экенин Бишкектеги Назаралиевдин медицина борборунун башкы дарыгери Эркин Кубатов белгиледи:

- 10 жыл мурун бир нече килограмм баңги зат менен кармалды деп уксак, бул өзүнчө бир сенсация эле, ал эми азыр 10 килограмм героин менен кармалды деп гезиттерге жазып атышат, элди бул маалымат таң калдырбай калды. Бул да өлкөдө баңгиликтин тарап кетишин далилдеп турат. Эң өкүнүчтүүсү, баңгилик жашарып баратат. 15-17 жаштагы балдар баңги заттарын сайынып, жыттап, же чегишет. 15 жаш деген бул эмне? Эч нерсе билишпейт да. Алар билбестиктен ушундай жолго түшүп жатат. Бул эмнеге алып келээрин жана эмне менен бүтөөрүн билбей атпайбы. 15-17 жаштагы балдардын 70 пайызы, биз эми аны “жеңил наркотик” деп коебуз, анашаны чегип көрүшүптүр.

Бүгүнкү күндө баңги заттарын каалаган адам оңой эле таба алат. Базарда анашанын 1 граммы 40 сом.

Адамдын баңги затка берилип кетишинин себептерин ар ким ар кандай жоромолдойт. Айрымдар бир жолу сайынып же болбосо жыттап көрөйүн деп көнүп кетишсе, экинчилери турмуштун кыйынчылыктарын, башка түшкөн түйшүктү көтөрө албай ушундай жолго түшүп кетишкен. Бишкектин ооруканаларынын биринде даарыланып жаткан жигит өз атын атагысы келген жок. Бирок баңги заттарына көз каранды болуп калганына өтө өкүнөөрүн билдирди:

- Жакын досум каза болгондон кийин кайгымды басыш үчүн баңги заттарын колдоно баштагам. Баңги заттарын колдоно баштаганыма 6 жылдай болуп калды. Бир нече жолу таштаганга аракет жасадым, бирок таштай алган жокмун. Үй-бүлөөм деле бар, аларды да кыйнадым, мүнөзүм да жаман жакка өзгөрүп кетти. Өзүмдү өзүм кармана албай, бат ачуулана турган болуп калгам. Досторум деле калбай калды. Тапкан акчамдын баарын баңги заттарын сатып алууга коротчумун. Азыр өтө өкүнөм. Айтаарым, эч качан, жөн дагы, баңгини колдонбогула, анткени ал бат эле адамды өзүнө багынтып алат. Ал жок болсо денеңдин, жан дүйнөңдүн жанчылып азапка батканын сөз менен жеткирүү кыйын, эстегим да келбейт.

Бишкекте 13 жаштан 15 жашка чейинки мектеп курагындагы балдардын 90 пайызы бир жолу болсо да баңги заттарын чегип же сайынып көрүшкөн. Бул - республикалык наркологиялык борборунун маалыматы.

Статистикага таянсак, наркодиспансерде каттоодо тургандардын орто жашы 22-23 жаш куракта, алардын онунчу бөлүгү - жаш кыздар - келечектеги энелер. Баңгиликтин өсүп бара жатышынын негизги себеби - жаштар арасында бул тууралуу маалыматтын жетишсиздиги.

Эгерде жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турса баңгилердин саны аз да болсо төмөндөмөк деген пикирин “Социум” бейөкмөт уюмунун консультанты, психолог Айбек Муканбетов билдирди:

- Профилактика жана түшүндүрүү иштерин калктын ар бир катмарында дайыма жүргүзүп туруу зарыл. Баңги заттын зыяндуулугу туурасында баңгилер гана эмес, жөн адамдар да кабардар болушу керек. Жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтө татаал. Учурда жаштар менен бул маселе боюнча эч ким иш алып барган жок. Дагы бир маанилүү жагдай, реабилитацияга көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Өлкөдө ушундай реабилитациялык борборлорду ачыш керек. Бизде баңгилерди даарылоочу мекемелер бар, бирок негизинен алар баңгилердин көз карандылыгын убактылуу гана чечет. Бирок дарылоо аягына чейин чыкпайт.
XS
SM
MD
LG