Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

КЫРГЫЗСТАНДЫК ШАХМАТЧЫЛАР КАМКОРДУККА МУКТАЖ


Кабыл Макеш Кыргыз шахматчы кыз-келиндер командасы 1992-жылы Филиппиндин Манила шаарында өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада эгемендүү өлкөнүн атынан биринчи жолу катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар ар жыл сайын ар кандай деңгээлдеги биринчиликтерге катышып келатышат. Кыргызстанда азыр шахматтын ал-абалы кандай? Келечегинен үмүткөр кылган жаштар барбы?

Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү шахматтын мекени Индия деп эсептешет. Бирок айрым маалыматтарда бул оюн кыргыздадын киште жана чатыраш акыл оюндарынан келип чыккан деген божомолдор айтылып жүрөт. 1985-жылы Түндүк Ферганада пил сөөгүнөн жасалып чеңгелине кайсы бир суучулдукту мыкчый аска ташта отурган жырткыч куш кейпиндеги фигура табылган. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча бул фигура жомоктогу рух деп аталган кушту билдирип, 8-9-кылымдарга таандык.

1979-жылы археолог Д.В.Винник Бурана шаарчасын казууда шахмат деп атоого боло турган, ак жылмакай сыр менен капталган пилдин карапа фигурасын тапкан, ал 10-11-кылымдарга таандык. Бишкектеги №10 орто мектептин окуучулары орто кылымдагы Сокулук шаарчасынын аймагынан табышкан материалдардын арасында тур менен пилге окшош болгон, пил сөөгүнөн жасалган эки фигура табылган. 1984-жылы Бурана коргонунун борбордук дөңчөсүнүн батыш жагын казганда шахмат фигурасына абдан окшош аттын сөөк фигурасы да табылган.
Ошондуктан кыргыздардын киште жана чатыраш оюндары шахматтын түпкү теги деп кароого толук негиз бар дешет, адистер.

20-кылымдын орто ченинен баштап Кыргызстанда шахмат кеңири тарай баштаган. Шахматтын биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-жылы өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга А.С.Савилев жетишкен. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында Леонид Юртаев, Натан Зильберман, Таалайбек Иманалиев, Эдил Молдобаев, Борис Канцлер, Владимир Ильинский жана башкалар чемпион болгон. 1979-жылы июль айында Москвада СССР элдеринин 7-жайкы спартакиадасында Бакыт Самагановага спорт чебери деген наам ыйгарылган.

Совет доорунда Бишкек, Ош, Кызыл-Кыя, Нарын, Талас шаарларында балдар жана өспүрүмдөрдүн атайын шахмат мектептери ачылган. Кийинки жылдарда кыз-келиндер шахматында Бакыт Самаганова, Ирина Острий, София Сабирова, Бактыгүл Тиленбаева жана башкалар, өзгөчө Светлана Матвеева сыяктуу мыктылар чыккан.

Өлкөдөгү аялдар шахматынын кеңири кулач жайышы Бишкекте аялдардын эл аралык турнирлерин өткөрүүнү салтка айлантууга жол ачкан. Кыргызстанда көптөгөн эл аралык, союздук, республикалык маанидеги ири мелдештер жогорку уюштуруучулук деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлгөн. Кыргызстанга чыгаан шахматчылардын жылдыздары дүйнөнүн беш жолку чемпиону Нона Гаприндашвили, дүйнөнүн 5-чемпиону, техника илимдеринин доктору Михаил Ботвинник, дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов, дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Майя Чибурданидзе, дүйнөнүн 13-чемпиону Гарри Каспаров жана башкалардын келиши өлкөдөгү шахматтын өнүгүшүнө зор таасир берген.

Эгерде Кыргызстанда 25-20 жыл мурда эки эле шахмат чебери болсо, учурда өлкөдө 100дөн ашуу шахмат чебери бар. Федерациясынын курамында үч эл аралык гроссмейстер, 10 эл аралык чебер, 20 минден ашуун шахматчылар бар.

1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз шахматчы кыз-келиндер командасы эгемендүү Кыргызстандын атынан биринчи жолу катышып, 15-орунду ээлеген. Ал эми эркектер командасы болсо 100дөн ашык атаандаштардын ичинен 38-орунга чыккан. 1994-жылы Куала-Лумпурда (Малайзия) болгон Азия өлкөлөрүнүн шаарлар арасындагы биринчилигинде Кыргызстандын эркектер командасы Кытай, Индия, Казакстан, Өзбекстандын шахматчыларын артка таштап, күмүш медаль жеңип алышкан. Ушул 1994- жылы Кыргызстандын шахматчылар командасы Москвада болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында курамы бүтүндөй эл аралык гроссмейстерлерден турган, дүйнөдө күчү боюнча 2-орунду ээлеген Американын командасын уткан, ошондой эле Индия, Греция, Египет, Япония жана башка өлкөлөрдүн шахматчыларын да кошо утууга жетишкен. Жаштар жана өспүрүмдөр да бир нече жолу Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерге катышкан.

Кыргызстандын шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмду көп жылдар боюу экономика илимдеринин доктору, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Акылбек Муратбеков жетектеген. Кийин шахматчыларга камкордук көрөбү деген тилек менен ошол учурдагы өлкөнүн салык инспекциясынын директору Карим Уразбаевди жетекчи кылышкан. Ал үмүттү актабаганда белгилүү ишкер, “Нарын эркин экономикалык аймактын” директору Таалайбек Дүйшеевди федерацияга президент кылышкан. Андан кийинки жетекчи “Кыргызстан аба жолдору” акционердик коомунун экс-президенти Таалай Окенов да федерациянын жүгүн тарта албады. Былтыртан баштап шахмат федерациясына Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын экс-депутаты, учурда өлкөнүн финансы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров президент болуп жүрөт.

Өлкөнүн тандалган шахматчылары буга чейин жети жолу өткөн дүйнөлүк олимпиадаларына катышкан. Бирок өкмөттүк деңгээлде жардам болбой, демөөрчү издеп, убара болуп жүрүшкөнүн эл аралык шахмат чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону Бактыгүл Тиленбаева баса белгилейт:

- Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Биз кудайчы болуп бүттүк. Кызым Жаңыл Азия чемпионаттарында бир нече ирет байгелүү орунга ээ болсо да Кыргыз спорт комитети стипендия бербей жүрөт. Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат.

Өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жаштар арасында Азия чемпиону болгон Эрнест Инаркиев эки жыл мурда Орусияга кетип калды. СССРдин чемпиону кыргызстандык Светлана Матвеева да Москвага кетип, шахмат олимпиадасында орустарга көп упай топтоп жүрөт.

Ошондой эле Орусияда шахмат оюну мектеп программасына киргизилген. Төлөгөн Исаев уулу Семетей Москвадагы Анатолий Карпов атындагы эл аралык шахмат мектебине кабыл алынганын айтат. Анын пикири боюнча Семетейди Орусиянын командасы чакырып, шарт түзүп беребиз деп жатышат. «Бирок кыргыздын намысы үчүн деп уулумду ал жакка жибербей жатам» дейт Төлөгөн Исаев:

- Менин уулум Семетей Азия чемпионатында жеңүүчү болгондон кийин Орусия жана Казакстан өлкөлөрү бир нече ирет чакырышты. Москвадан же Алматыдан үй беребиз, шартын түзүп беребиз дешкен. Биз андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар-намысын жогору койдук. Эми аларга түзүлгөн шарт биз үчүн жомоктогудай десем да ашыкча болбос. Кыргыз элимдин алдында жүзүбүз жарык жүргөнүбүз артык. Айла кеткенде дүйнө, Азия биринчиликтерине уулумду катыштыруу үчүн Бишкектеги үйүмдү, машинамды жана чакан дүкөнүбүздү сатууга туура келди. Кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге зар болдук. Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептейм. Ошентсе да кыргыз туусун эл аралык аренада жогору көтөрсөк деген тилек.

Быйылкы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты Өзбекстанда, ал эми дүйнөлүк биринчилик Францияда өтөт. Ага жаш шахматчылар даярдык көрүп жатышат. Алардын катарында Бишкектеги 70-мектептин 6-классынын окуучусу, шахмат чебердигине талапкер Айжаркын Шыңгыз кызы да бар:

- Быйыл даярдык ойдогудай деп айтуу кыйын. Былтыр Сингапурдагы Азия биринчилигине барбай калдык. Эгерде акча табылса, быйыл барабыз деп ойлойм. Мурда Грециядагы дүйнө биринчилигине катышкам. Абдан жакты. Шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгум келет. Бизге шарт түзүп беришсе жакшы болмок.
XS
SM
MD
LG