Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫҢКЫЛЫПТАН БОРБОР АЗИЯ САБАК АЛАБЫ?


Замира Кожобаева Март айынын аягында Кыргызстанда болгон ыңкылап Борбор Азия элдеринде кубаттоо менен кабыл алынган. Бирок убакыттын өтүшү менен айрым саясий топтордун ыңкылапка карата көз карашы өзгөрө баштады. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ыңкылап болгондон көп өтпөй эле аны бандитизм деп атаса, казак оппозициясы аны кубаттап чыккан. Апрель айынын аягында Өзбекстандагы айрым саясатчылар мындай төңкөрүштүн кедерги тийгизчү жактары да болушу ажеп эмес деген оюн билдиришти.

Грузия, Украина өлкөлөрүнөн кийин Кыргызстанда болгон кыргыз ыңкылабы алардан бир кыйла өзгөчөлүктөрү менен айырмаланаары айтылып жүрөт. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн эли тарабынан кубаттоо менен, демократия жолундагы жеңиш катары кабыл алынган. Байкоочулардын айтымында буга аталган аймактардагы жакырданган элдин бийлик ээлеринин тоталитардык системадан, коррупциянын күчөгөндүгүнөн жедеп тажагандыгы себеп болгон. Түркмөнстандын мурунку вице премьер-министри, учурда Европада бозгунчулукта жүргөн Кудайберды Оразов бийлик элден таптакыр алыстап кеткендиктен аягы барып ушундай жагдайга туш болду деген пикирин билдирген. Анын айтымында төңкөрүш учурунда айрым адамдар тарабынан талоончулуктун жасалышына да мурунку бийликтин өзү гана күнөөлүү:

-Ыңкылап жакшы жаңылык, ал эми талоончулуктун болгону жаман болду. Бирок буга мурунку президент жана анын айланасындагылар күнөөлүү. Анткени алар өз убагында эл менен эсептешкен эмес, оппозициянын пикирин укпай, өздөрү баш болуп, өлкөнү коррупцияга батырышкан. Эл бийликтин көп жылдар бою басып келген кысымынан улам көчөгө чыгып, ушундай козголоң жасады. Эми болсо элди көчөгө оппозиция алып чыкты деп күнөөлөп жатышат.

Ал эми Өзбекстандагы белгилүү оппозиционер, “Эрк” демократиялык партиясынын жетекчиси, саясий качкын катары мекенинен алыста жүргөн Мухаммед Салих Борбор Азиядагы башкаруу режими ичинен чириген деп эсептейт:

-Бул режимдердин баары ичинен чирип бүткөн. Акаевдин режимиби, Каримовдукубу, баардыгы. Себеби бийликтин ичинде ошол башкаруучунун өзүнүн душмандары көп. Албетте, элдин күчү чоң, бирок ички пикир келишпестиктер да көп нерсени чечип коет. Акаев элинен эмес, эң биринчиден өзүнүн чөйрөсүнөн колдоо көрө албагандыктан улам качып кетти деп ойлойм. Анын козголоң башталгандан кийин да бир нече күн унчукпай турганына да ушул себеп болду сыңары. Бийлик машинасы сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен ичи бош жана аябай морт болуп чыкты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы ыңкылапты көп жылдар бою топтолгон социалдык –экономикалык кыйынчылыктардын, элдин жакырдануусунун натыйжасы деп айтып, бирок аны ыңкылап деп атоого болбойт деген пикирин билдирген:

-Муну ыңкылап деп атоого болбойт. Азыркы бийлик ээлеринин өздөрү айтып жаткандай, бул—бандитизм жана талоончулук.

Апрель айынын аягында Өзбекстанда “Күнөстүү Өзбекстан” деп аталган демократиялык күчтөрдүн коалициясы түзүлдү. Байкоочулардын айтымында, коомчулук муну оппозициянын ыңкылапка даярдык көрө баштаганы деп кабылдаган. Бирок коалициянын жетекчилеринин бири, “Эркин дыйкандар” партиясынын башчысы Нигора Хидоятова муну четке какты. Ал Кыргызстандагы сыяктуу ыңкылаптын Өзбекстанга кереги жоктугун айтып, бийликти алмаштырууга реформалык жолдор менен гана барууну көздзшөөрүн билдирди:

- Биз Кыргызстандагы ыңкылапты көрдүк. Бирок Өзбекстанга мындай ыңкылаптын кереги жок, анткени Өзбекстан үчүн мындай ыңкылаптын натыйжасы оор болуп калышы мүмкүн. Өзбекстанда да эл жакыр, алсыз, кыжырданып турат. Ошондуктан мындай ыңкылаптын аягы коркунучтуу талоончул күчкө айланып кетүүсү мүмкүн. Өзбекстанда да ыңкылап үчүн кырдаал эчак эле түзүлгөн болсо да, биз бул жол менен эмес, демократиялык реформалардын жолу менен барабыз.

Кыргызстанга жанаша жайгашкан ага тарыхы, тагдыры окшош өлкөлөр - Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан. Булардын баарында алдыдагы төрт жыл ичинде президенттик шайлоолор болмок. Алардын ичинен Тажикстандан башка үчөөндө Советтик түзүлүш кулагандан бери мамлекет башчысы алмашкан эмес. Байкоочулардын айтымында, Кыргызстандагы ыңкылап Борбор Азиядагы башка мамлекеттер үчүн эки тараптуу сабак болуусу мүмкүн. Нью Мексико университетинин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү, профессор Грегори Глисондун ою боюнча, мындан ары мамлекет башчылары мындай окуя өз өлкөлөрүндө кайталанбашы үчүн оппозицияга, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтүп, сөз эркиндигин ооздуктоо чараларын көрө башташы мүмкүн:

-Кыргызстандагы окуялардын кесепеттеринин бири— Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары гана эмес, Орусия жетекчилиги да оппозицияга эркиндик берүүнүн салакасы тийери, акыр аягында көзөмөл кылууга мүмкүн эмес болгон оор жагдай пайда болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарышы ыктымал экендигинде.

Профессор Грегори Глисон Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Орусиянын мурунку президенти Борис Ельциндин бийликтен кетүү ыкмасын колдонушса жакшы болот. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Акаевдин тагдырын кайталоону каалабаган мамлекет башчылары ойлоно башташы ыктымалдан алыс эмес деген пикирде.

Эл аралык коомчулуктун кысымы Борбор Азия мамлекет башчыларын демократиялык реформа жүргүзүүгө мажбурлашы мүмкүн. Бирок ушул тапта Кыргызстандын кошуналарында адам укуктарынын одоно бузулушу дагы деле улантылууда дешет укук коргоочулар.
XS
SM
MD
LG