Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

КМШдагы «ТҮСТҮҮ ЫҢКЫЛАПТАР». ПУТИНДИН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ САПАРЫ


Муса Мураталиев КМШ өлкөлөрүндөгү «түстүү ыркылаптар» түйшүгү орусиялык гезиттердин баш темасы боюнча калууда. Маселен, Кыргызстанда пикетчилер кысымынан улам соттор кызматынан четтетилип атканы жазылат. Ал эми Украинада КМШ жаатын жандандыруу же такыр жаап салуу багытында аракети жасалганы айтылат. Орусиянын ички жана тышкы саясатында маселелер да кеңири чагылдырылууда. Аптанын аягында орусиялык делегациянын Жакынкы чыгышка барып кайтышына арнаган макалаларда Кремлдин аймакка тынчтык орнотуу сунушу ошол эле учурда аларга курал сатуу болуп атканы айтылат.

«Новые известия» 29-апрелде «Кыргыз пикетчилери соттун кызматтан кетишин талап кылууда» деген макала жарыялаптыр. Ал жерде Кыргыз Жогорку сотунун имаратын ээлеп алган 100дөй киши бардык 36 сотту кызматтан кетсин деген талабын коюп атканы жазылган. Имаратты ээлеп алуу 22 апрелде болгон жана анын тегерегинде күндүр-түндүр кайтарып турушкан дагы миңдей киши бар экени айтылат. Пикетке чыккандар парламенттик шайлоодо утулуп калган беш талапкер таламын талашкандар экени жана алардын сот кеңселер эшигин печаттап, кайтарып турушканын жазган.

Шейшембиде «Российская бизнес-газета» Дмитрий Ивановдун «Киев шарт коет» деген макаласын жарыялады. Ал экономикалык бир мейкиндикке кирген өлкөлөрдүн блогуна соодадагы бардык чектөөнү жоюу сунушун киргизген. Эгерде бул талап кабыл алынбаса, Украина ал блоктон чыга тургандыгын билдирген. ЕЭПке (Экономикалык бир мейкиндикке) Украинадан тышкары Орусия, Беларусия жана Казакстан мүчө.

«Украинанын жолун жолдоп, буга дейре эркин соодага чек коюу болуп келаткан Шериктештиктеги дагы бир биримдикте - Орусия, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан биримдигинде да мындан ары чектелүүлөр толук алынып ташталууга тийиш» дейт Орусиянын тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча департамент жетекчиси Игорь Попов.

«Газета» гезити да ошол эле күнү «Владимир Путин Жакынкы чыгышка бейкутчулук жана курал сунуштап баратат. Путиндин бул сапарынын башкы милдети - Жакынкычыгыш кагылышын басууга Орусияны иштиктүү катыштыруу болот» деп жазды.

Макалада орусиялык жетекчи Жакынкы чыгышка карап аттанарга бир апта калганда Сирияга ракета аткыч комплексин сатамын деп макулдук бергенин, бирок ал теророрчулар колуна түшүп кетсе кыйын иш болот деп ага Израилдин каршы чыгып атышын, ЮКОС жетекчилеринин бири Леонид Невзлин менен Михаил Бруднону орусиялык бийликке өткөрүп бер деп Израилге талап коерун, Кремл азыркы кезди Жакынкычыгыштагы кагылышты басууга абдан ыңгайлуу кез келди деп эсептээрин, ошол себептен АКШ, БУУ жана Европалык Союз менен бирдикте израилдик-палестиндик кармашты басуу үчүн демилге көтөрүп баратканын жазган Людмила Романова.

24 майдан тартып Казакстан, Тажикстан, Кыргызстанга баруучу орусиялыктарга чет өлкөгө чыкчу паспорт менен гана уруксат боло тургандыгы «Российская газетанын» жума күнү жарык көргөн санында кеп болот. Ал жерде, маселен, ошол себептүү бул күндөрү аталган мамлекеттерге үзбөй катап туруучу орусиялык 10 миңден ашуун темир жолчуларга чет өлкөгө чыкчу паспорттор берилгендигин жазат.
XS
SM
MD
LG