Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Орус президенти Владимир Путин кечээ Москвага кайтып келди


Жакынкы Чыгыштагы сапарынын акыркы күнү ал Рамаллада болуп, палестин лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Путин палестин автономиясына техникалык, анын ичинде аскери жактан көмөктөшкөнгө, коопсуздук органдарында жана полицияда иштеген кызматкерлерди Москвада машыктырганга убада берди. Терроризмге каршы күрөштө палестин жетекчилиги белгилүү бир ресурстарга муктаж экенин, Путиндин айтымында, Израил тарабы да түшүнөт. Россия мындан тышкары Газа тилкесинде инфраструктураларды кайра тикелегенге да жардамдаша турган болду. Махмуд Аббас өз кезегинде региондогу тынчтык процесси боюнча Москвада эл аралык конференция өткөрүү жөнүндөгү Путиндин сунушуна колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG