Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ: БИЙЛИК ҮЛӨШТҮРҮҮ


Эки күн иштегенден кийин Конституциялык кеңешме катышуучулары майдын он экисине чейин тыныгуу алышты. Бул арада жыйын катышуучуларынын басымдуу көпчүлүгүн түзгөн Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоочулары менен жолугушуп, Кыргызстан үчүн башкаруунун кандай формасы ылайыктуу экенин эл менен кеңешип келишмекчи. Президент шайлоо алдында апыл-тапыл коюлуп аткан проблеманын артында мамлекеттин эртеңи турат.

А.Акаевдин жеке бийлигинен жалкып калган көпчүлүккө ушу тапта парламенттик республикага өтүү зарылдыгы кийинки кездери байма-бай айтылууда. Жаңы идеяны президент болушка ынтызарлардын биртобу азыркы кыйын кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу, жеке бийликтин тизгинин тартып коюунун жападан-жалгыз ыкмасы катары сыпатташууда. Бирок да ушу тапта байма-бай айтылып аткан пикир-сунуштарды иргеп, ыраатка салып, Башмыйзамды кайрадан жаңылоо аракети президенттик шайлоого тушташ чыгууда. Убакыт тар, кырдаал курч.

- Жагдай чынында эле кыйын. Мына биз бул жерде отурабыз. Бирок да күндөн-күнгө ахывал кыйындап баратат. Аны бийлик түшүнгүчө бир балакет чыгып кетиши деле ыктымал. Жаман нерсенин ызгаары согуп атат, аны силер деле билип отурасыңар,- дейт «Демократиялык өнүгүү» партиясынын жетекчиси Мамбетжунус Абылов.

Парламент спикери Өмүрбек Текебаев Конституцияга киргизилчү негизги өзгөрүүлөр кандай болору азыртан эле ачыкка чыгып калды, жүрө-жүрө ал такталып мыйзамдык түс алат деген пикирде.

- Талкуулардын жүрүшүндө негизги багыт аныкталып калды. Менимче, талаш-тартыштар дагыле жүрө берет, анын натыйжасында биз кандай өлкөдө жашарыбыз так билинет. Жакынкы айларда элдин көбүнүн көңүлүнө жаккан пикир, сунуштар мыйзам түрүнө келип, биз аны президенттикке талапкерлерге, жаамы журтка сунуш кылабыз,- деп айтты Жогорку Кеңеш төрагасы.

Конституциянын айрым жоболорунун өзгөрүлүшүнө каршы эместигин учурдагы өкмөт башчы, президент милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да чоң жыйында ырастады. Анткен менен, алдагыдай жооптуу ишти аркалап жатканда ашыгуунун кажети жок, дейт премьер-министр.

- Президенттик-парламенттик республика принцибин тутунууну туура деп эсептейм. Мындай форманы аралашма деп да атап жүрүшөт. Сөз күчтүү парламент, кабелтең өкмөт, карылуу президент түзүү жөнүндө болуп атат. Бул принцип жакшы сындан өткөн, эми да жакшы кызмат көрсөтүшү ыктымал.

Курманбек Бакиев жеке бир адам же кишилер тобу бийликти толук ээлеп алышына жол бербеш үчүн мүмкүндүк берүү-чектөө системасын киргизүүнү жактайт. Кыргызстан жеке бийликтин өкүмзордугунан тажап турганы менен азырынча адамдар тобунун бийликти ээлеп алышын башынан өткөрө элек. Өкмөт башчы кыйыр эскертип аткан адамдар тобу – парламент аткаруу бийлиги менен бирдей эле өлкөдөгү саясий-экономикалык жагдайга жоопкер болушу керек.

24-марттан кийинки коомдук өнүгүүнүн текши баарын Конституция айдыңына алып чыгуу аракети буга чейин чогулган проблемаларды чече албайт, дейт «Менин өлкөм» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Зайнидин Курманов.

- Мындай аракет, бул жерде айтылгандай биздин өнүгүүбүздү конституциялык талаага чыгаруу далбасасы - бул проблеманы жашыруун, будамайлап, чала-чарпыт чечүү. Артынан толгон-токой нааразы болгондор чыгат.

Зайнидин Курманов ыңкылаптан соң башка иштердин баарын жыйыштырып салып ириде бийлик тагдырын так аныктап алыш керек деп эсептейт. Анын ырасташынча, президент шайлоону өткөрүүгө ашыкпай, Кыргызстанга башкаруунун кайсы системасы ылайыктуу экенин барылап аныктап, «оюн эрежеси» дайынга чыккандан кийин гана мамлекет башчысын тандоого кезек берилиши туура болмок. Ансыз Башмыйзамды улам-улам жаңылоо ышкысы бийлик башына келгендердин баки-жогун азгыра бериши турулуу иш.
XS
SM
MD
LG