Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

ВЬЕТНАМДА КОММУНИСТТЕРДИН ЖЕҢИШИНИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 30-апрелде Вьетнамда коммунисттердин жеңишинин 30 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Буга байланыштуу мудагы Сайгон шаары, азыркы Хо Ши Минде майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Салтанатка Вьетнамдын жетекчилери жана согуш ардагерлери катышышты.

Хо Ши Минде, мурдагы Сайгон шаарында, коммунисттердин жеңишинин 30 жылдык маарaкесине арналып, аскердик парад өткөрүлдү. Парад мындан туура 30 жыл илгери АКШы колдогон Түштүк Вьетнамдын жетекчилиги отурган сарайдын алдындагы аянтта болду.

Андан соң кызыл-тазыл желектерди көтөргөн спортсмендердин ойуну көрсөтүлдү. Майрамга чыккан эл коммунисттик лидер Хо Ши Миндин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. Кечинде фейерверк атылып, элдин сейили улантылды. Майрамдык салтанатка көкүрөктөрүнө орден-медалдарды тагынган жүздөгөн согуш ардагерлери катышты.

Салтанатка келген пенсионер-мугалим Лу Ти Бах Вен эстен кеткис ал күн тууралу мындайча эскерет:

- Бир маалда кимдир бирөө "шаар бошотулду! "деп кыйкырды.Биз баарын таштап койуп, көчөгө жүгүрдүк. Шаарды бошоткон солдаттарды көргүбүз келди, аларга колубузду тийгизип алкыш айткыбыз келди,- деп толкунданат ардагер.

АКШнын аскерлери Вьетнамдан Сайгон басылып алынгандан эки жыл мурда эле чыгып кетишкен, бирок Түштүк Вьетнамдын жетекчилигине колдоо көрсөтүүнү токтотпой, түндүк менен түштүктун ортосундагы согуштун улануусуна өбөлгө түзгөн.

Сайгондун басылып алынышы менен Вьетнамдагы согуш бүтүп, Америка Кошмо Штаттары Вьетнамда коммунисттик режимдин орноосуна бөгөт болуу аракеттерин биротоло токтоткон. Согушта 58 миң америкалык солдат жана кеминде 2 миллион вьетнам курман болгон.

Вьетнам согушунун аякташынын 30 жылдыгына байланышкан жөрөлгөлөр Америка Кошмо штаттарында да өткөрүлүүдө. АКШнын баш калаасы Вашингтондо Вьетнам согушунда курман болгондорго арналган мемориалдык комплекске согушта жакындарын жоготкон миңдеген адамдар, бала-бакырасы менен келип, гүл койушат. Өкмөттүн буйругун аткарып, согушта курман болгон 58 миң солдаттын аттары чегилген узун кара дубалда бир туугандары менен аталарынын ысымдарын издеп, чегилген атты эстелик кылып алып жүрүү үчүн кагаз бетине түшүрүп алып жаткан адамдарды көрөсүң. Аларга жардам берип жүргөн согуш ветераны O' Донелл Паркер мемориалга келгендердин айрымдарынын туугандары Вьетнам согушунда дайынсыз жок болгонун, бирок арадан 30 жыл өтсө ал адамдар азыр да жакындарынын тирүү экенинен үмүт үзбөгөнүн баяндайт.

-Дубалдагы тизмеде ушул күнгө чейин дайынсыз жок болуп жаткан адамдардын ысымдары да бар. Алардын үй-бүлөлөрү а билким ал тирүүдүр, Чыгыш Азиянын бир жеринде жүргөндүр, деп үмүт кылышат,- дейт ардагер.

XS
SM
MD
LG