Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

БАКАЙАТА РАЙОНДУК СОТУНУН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫНЫН ДАЙЫН-ДАРЕГИ БЕЛГИСИЗ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 27-апрель күнү түштөн кийин барымтага алынган Бакайата райондук сотунун судьясы Төлөмүш Асыловдун дайын-дареги алиге белгисиз.

Окуя кандайча болгондугу туурасында Бакайата райондук сотунун катчысы Индира Андашева райондук милицияга арыз менен кайрылган соң, “Азаттыкка” минтип айтып берди:

- 2005-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат үч чамаларында мен судьянын кабинетимде отургам. Биз ошол жерде отурсак кыркка жакын аялдар, кишилер кирип келип, “эмне кылганыңар, кандайча арыз келди, кандайча түштү” деп кыйкырып калышты. Эч кимди урган, сабаган жок. Бизди жетелеп “жүрүгүлө машинеге түшкүлө” деп эшике алып чыгышты. Жакшынакай кылып машинага салып кетишти. Мен кайсы маркадагы машина экенин, номерин билбейм. Ал кишилерди да тааныбайм. Бирок көрсөм айтып бере алам. Үчөбүздү үч бөлүк машинага салып, үч жакка алып кетти. Судья менен берки бала кайда кеткенин билбейм. “Менде күмөн жок, мен эч нерсе билбейм” десем, кайра айыл өкмөтүнүн жанынан түшүрүп коюшту. Ошондо жетиден он беш мүнөт өткөндүн чамасы болчу.

Ал эми атын атабоону өтүнгөн соттун экинчи бир кызматкери райондук сотко түшкөн арыздын мазмуну жөнүндө минтип айтты:

- Бакайата райондук сотуна 25-апрель күнү кат эмес доо арыз түшкөн. Депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековун өкүлү Бабыр Жээнбековдон №55-Бакайата аймагына депутаттыкка талапкер болгон Иманалиев Жусупду каттоодон алып салуу жөнүндө арыз түшкөн.

Депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Бабырбек Жээнбеков сотко берген арызынын мазмуну кандай экендинин айтты:

- Ишенимдүү адамдары болуп райондук жана айылдык кеңештин депутаттары каттоодон өткөндүгү, андан башка мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жана ишенимдүү адамдары болуп каттоодон өткөндүгү тууралуу арыз менен кайрылгам.

Барымтага кармалган соттун кызматкерлеринин абалы туурасында Бабырбек Жээнбеков:

- Бүгүнкү күнгө чейин кайда экендиги белгисиз. Секретары кече күнү түнүчүндө барып райондук милицияга арыз жазып берди, -деди адвокат Бабырбек Жээнбеков.

Бакайата райондук сотунун судьясы Төлөмүш Асылов, катчысы Индира Андашева, кызматкери Азизбек Эрматов барымтага алынгандыгы туурасында облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Алтынбек Шербакунов буларды айтты:

- Ал факты боюнча нөөмөт бөлүмүнө №84 саны менен атайын кылмыштарды иликтөө арыздарды каттоо боюнча журналга катталган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековдун шайлоочуларынын бири Жаңыбаева Атыргүл сот кызматкерлерин барымтага алуу Кыргызстанда мурда кездешпеген көрүнүш экендигин эскертти:

- Соттун кызматкерлерин, соттун өзүн барымтага алуу бул Кыргызстанда боло элек шумдук. Деги Кыргызстандагы абал коркунучтуу болуп баратат. Элинин ынтымагын, Кыргызстандын биримдигин ойлобогон депутаттардан кандай жакшылык күтөбүз?

Облустук соттун төрага милдетин аткаруучу Мирбек Кенжешев чыгарган аныктама боюнча Бакайата райондук сотунда үзгүлтүккө учурай турган соттук териштирүү Карабуура райондук сотунда каралсын деген чечим да аткарылган жок. Бейтарап аймактагы үчүнчү сот кайсы жерде өтөөрү азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG