Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

СССРдин КУЛАШЫ 20-КЫЛЫМДЫН АЛААМАТЫБЫ?


Замира Кожобаева, Прага 25-апрель күнү Орусия президенти Владимир Путин СССРдин кулаганын “жүз жылдыктын эң чоң геосаясий алааматы” деп айтып Батышты таң калтырды. Саясий изилдөөчүлөр ал муну акыркы убакта өзү ишеничинен кеткен кары-картаңдардын колдоосуна кайрадан ээ болуу максатында гана айтты деген ойду айтып жатышат.

Апрель айынын аяккы күндөрүндө жалпы элге жасаган жылдык кайрылуусунда Орусия президенти Советтер биримдигинин кулаганын 20-кылымдын эң чоң кайгысы деп айтып, мунун Орусия үчүн да кедергиси чоң болгондугун билдирди:


-Советтер биримдигинин ыдырашы—жүз жылдыктын эң чоң бүлгүндүү окуясы болгон. Ондогон миллион биздин атуулдарыбыз жана мекендештерибиз Орусиядан сырткары калышты. Кыйроонун жугуштуу оорусунун эпкини Орусияга да таркады.

Владимир Путиндин бул сөзү Орусиядан башка мамлекеттерде кызуу талаш-тартыштарды туудурду. Саясий изилдөөчүлөр анын СССРдин кыйрашын 2-дүйнөлүк согуштан да чоң кесепет деп эсептегенине таң калып жатышты. Батыштын айрым басылмалары, мүмкүн, Советтер биримдигинин кыйрашы эмес, жашап келгендиги 20-кылымдын кайгысыдыр деген ойлорду чагылдырышты. Бирок Орусиянын өзүндө Путиндин сөзү анча деле карама-каршылыкты туудурган жок. Тескерисинче, анын ою көңүл коштук, унчукпай макул болуу, а түгүл кандайдыр бир деңгээлде энтузиазм менен кабыл алынды.

Москвадагы Дүйнөлөштүрүү боюнча изилдөө институтунун жетекчиси Борис Кагарлицкий Орусия президентинин сөзүнө кошулаарын билдирди. Анын айтымында, Советтер биримдигинин кыйрашы жана андан кийинки өзгөрүүлөр жакшылыкка алып келген жок:


-Кеңири түшүнүктүү, Орусиянын көпчүлүк атуулдары үчүн Советтер Союзунун кыйрашы жеке керт башынын алааматы болгон. Бул ошондой эле Тажикстандагы көптөгөн адамдар үчүн, Өзбекстан жана башка жактардагы, Украинадагы көп атуулдар үчүн да орду толгус жоготуу. Анткени нечен кишилердин тагдыры, турмуш деңгээли бузулду. Адам укуктарынын, эркиндигинин чектелиши орун алып жатты.


Айрым байкоочулар Путиндин сөзүнө орустардын таң калбаганынын дагы бир себеби—бул сөздөрдү мурунку советтик коопсуздук кызматынын мүчөсү айтып жаткандыгы деп баалашты.

Москвадагы Карнеги борборунун саясий изилдөөчүсү Николай Петров Путиндин сөзү анын өзү да СССРди эңсеп жаткандыгын көрсөтүп турат деген ойду айтты. Анын белгилешинче, СССРдин кыйрашы Владимир Путиндин коопсуздук кызматынын аткаминери катары өсүп келе жаткан карьерасына чекит койду. Николай Петров ошондой эле президенттин бул сөзүн 2-дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 60 жылдык мааракесине карата улгайган адамдардын жана согуш ардагерлеринин көңүлүн алуу далалаты деп баалады.

Байкоочулардын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь айындагы Совет мезгилинен келе жаткан социалдык жөлөкпулду реформалоо Орусиядагы ардагерлердин кыжырын келтирди. Суукка карабай бир нече жумалап нааразылык көрсөтүп турушкан миңдеген улгайган адамдар мындай аракети үчүн мамлекет башчысына нааразы болуп жатышты.

Николай Петров Грузия, Украина жана Кыргызстандагы бийликти алмаштырууга алып келген коомдук нааразылыктар да Путинди тынчсыздандыруусу мүмкүн деген ойдо. Анын айтымында, Орусия бул нааразылыктарга сын көз караш менен карап турду, бирок аларды токтотууга мүмкүнчүлгү жок эле:


-Менимче, мунун баары мурунку Советтер биримдигинин аймагындагы өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар менен да түздөн-түз байланыштуу. Бул чындыгында постсоветтик аймакта мурдагы советтик жашоо түзүлүшүнөн жаңы бир түзүлүшкө өтө баштаган өтө терең кыртышка ээ жараянга карата жасаган Путиндин мамилеси.


Орусия президенти жалпы элге карата жылдык кайрылуусун ыңкылап сыяктуу окуяларды өз өлкөсүндө болтурбай тургандыгын ачык билдирүү үчүн да пайдаланган. Ал ар кандай толкундоолорго бийлик мыйзамга ылайык, бирок катаал чаралар менен мамиле жасаарын билдирген.
XS
SM
MD
LG