Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

БАЯМАН ЭРКИНБАЕВГЕ КОЛ САЛЫНДЫ


28-апрелдин кечинде Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө кол салуу болду. Атылган ок мурдуна тийип, депутат андан катуу жабырланган эмес. Эркинбаев бул ок атууну саясатка байланыштырууда, бирок бул окуяны пиар акция катары карагандар да жок эмес.

1967-жылы төрөлгөн Баяман Эркинбаевдин артында ар кандай аңыз кеп ал эрезеге жеткенден бери ээрчип жүрөт. Алгач “рекэт” деген сөз болсо, андан кийин “наркобарон”, “криминалдык авторитет”, “кылмышкер” деген имиштер жөө тумандай ээрчип алган. Өзү тууралуу мындай сөз бар экенин Баяман Эркинбаев 29-апрелде маалымат жыйынында билдирди:

-Буга чейин менин саясий каршылаштарым мени “бандит”, “мафиозник”, “наркобарон” деп айыптоого аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө мага кол салууну криминалдык териштирүү катары көрсөтүүгө аракет жасашат. Бирок менин шайлоочуларымды, тилектештеримди алдай алышпайт.

4-мартта Жалалабадда, андан кийин Ошто элдин толкундоолору башталган учурда Баяман Эркинбаев нааразылык акциясына чыккандарды ачык түрдө колдогон эмес. Бирок кийинчерээк, өзгөчө акимчиликтеги элди милиция кызматкерлери күч колдонуу менен сыртка чыгарганда Баяман Эркинбаев эл тарапка өткөнүн ачык жарыялаган. Мына ошондон кийин мурунку президент Аскар Акаевдин айланасындагылар нааразылык акциясына чыккандарды кылмыш дүйнөсү, наркобарондор колдоп жатат деп билдире башташкан.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 29-апрелде “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде “бийликке акча каражаты бар күчтөр умтулууда - алар наркобарондор, кылмыш дүйнөсү” деп белгилеген.

Баяман Эркинбаевдин жума күндөгү маалымат жыйынына депутаттар Дооронбек Садырбаев, Арапбай Төлөнов, Муратбек Малабаев катышкан эле.

“Баяман Эркинбаевдин кылмыш дүйнөсүнө жакын эместигине күбө боло аласызбы?” -деген суроого Дооронбек Садырбаев минтип жооп берди:

-Криминалдык авторитеттер мендей карыя Садырбаевдин чөнтөгүнө кээде пакетке оролгон акча салып турат. Ал эми бул сараң менин чөнтөгүмө бир сом да сала элек. Ошондуктан мен Баямандын криминал эмес экендигине ишенем.

Мурунку парламентте Эркинбаев менен бирге иштеген Абдыганы Эркебаев Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө кол салууга кескин нааразылыгын билдирип, Эркинбаевге байланыштуу кылмыш иштери Башкы прокуратура тарабынан мурда иликтенгенин эскерип, бирок сот айыптабаган соң ага ар кандай кинелерди тагуу туура эмес деген пикирин билдирди:

-Баяманга байланыштуу иштер Башкы прокуратура тарабынан мурунку парламентке киргизилген. Каралган. Бирок тиешелүү колдоо тапкан эмес. “Эл оозунда элек жок” дейт. Ар кандай сөздөр боло берет ар бирибиздин тегерегибизде. Бирок Конституция боюнча сот бирөөнү күнөөлүү деп айыптаганга чейин биз аны кылмышкер деп атай албайбыз.

Баяман Эркинбаев өзүнө кол салууну саясатка, тактап айтканда, президенттик шайлоого катышуу ниетине байланыштырууда. Тартип коргоо органдары болсо кол салуунун себеби боюнча азырынча эч маалымат бере элек. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров:

Азырынча бул иш боюнча эч нерсе айта албаймын. Текшерүү жүрүп жатат. Ал жыйынтыкталганда бирдемке десек болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG