Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Аба ырайы


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 1-майда Кыргызстанда ала-булут каптап турат, күндүз Ош, Жалалабат, Баткен, Нарын облустарында күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30 градус ысык.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31.
Көл кылаасында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25 градус жылуу.
Тоолуу Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындан болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +27...+29 градус жылуу.

Кабарларды Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

XS
SM
MD
LG