Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Жогорку cот имаратын ээлеп отургандар ачкалык жарыялашты


БИШКЕК. Жогорку соттун имаратын ээлеп нааразылык билдирип отурушкан №59- Чүй, №21- Токтогул шайлоо округдарынын шайлоочуларынын 30га жакыны 30-апрелде ачкалык жарыялашты. Бул тууралуу ачкалыкка чыккан Гүлбайра аттуу келин пикирин төмөндөгүчө билдирди.

- Жогорку Кеңештин ичинде ачкалык жарыялап отурушкандар көп. Мен 28-апрелден баштап ачкалык жарыяладым. Догдурлар келип, кан басымыбызды текшерип, акыбалыбызды билип турушат. Бийлик өкүлдөрүнөн бирөө да жок. Имараттын ичинде 30дан ашык адам ачкалык жарыялаган. Күндөн-күнгө алардын саны көбөйүүдө.

Нааразылык билдирип турушкан 60ка жакын адам Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун ордуна башка төрага шайланышын жана Жогорку соттун төрага орунбасарларын, судьяларды кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Алардын пикиринде, мындай талаптарына жаңы өкмөт менен депутаттар көңүл бурбай жатышат, ошондон улам нааразычылык чоң. Эгерде парламент нааразылык билдиргендердин талабын аткарышпаса 12-майдан кийин Жогорку Кеңештин имаратын күч менен ээлеп алышаарын билдиришти.

22-апрелде нааразылык билдиришкен №59-Чүй, №21-Токтогул, №6-Асанбай шайлоо округдарынын 100 ашуун шайлоочулары тарабынан Жогорку соттун имараты ээленип, иши убактылуу токтотулган.

Жума күнү Жогорку Кеңештин отурумунда Коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев “пикетчилик кесип болуп баратат. Аларды кимдер каржылап, тамак уюштуруп жатканын билебиз” деп айткан.

XS
SM
MD
LG