Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:25

30-апрелде Жогорку соттун толук курамында кызматтан кетишин талап кылган нааразылык чаралары улантылды. Нааразы тарап парламент жана өкмөт алардын талаптарын аткармайынча бул жерде тура бере турушкандыктарын билдиришти. Парламенттик шайлоонун чечимдери бурмаланды деп эсептеген тараптар эки жумадан бери Жогорку сот имаратынан кетпей турушат.

Нааразы болгондордун басымдуу бөлүгүн №59- Чүй, №21-Токтогул шайлоо округдарынын экс-талапкерлери Туратбек Андашев менен Токтосун Мадияровдун шайлоочулары түзөт. Мындан тышкары №27-Базаркоргон-Сузак шайлоо округунан Абдумуталип Хакимовдун шайлоочулары да булар менен тилектеш болууда. Депутаттыктан Жогорку сот чечими менен четтетилген Шарипа Садыбакасованын шайлоочулары да Жогорку соттун толук курамында кетишин талап кылган акцияларды өткөруп жатышат. Бирок, алар имаратты ээлеп алууга катышкан жок.

Жогорку соттун имаратындагылардын билдиргенине караганда, нааразы болгондорго аткаруу бийлиги да, парламент да көңүл бурбай, алардын талаптарын аткарышкан жери жок:

- Мен №21- округданмын. Атым – Бакы. Элдин мүдөөсү эмне ? Ушу акыйкат чечип койсун. Чечимди кабыл алсын. Сот кетсин. Болду. Биз эмне бул жерде жашамак белек. Өз ишибиз бар. Бирок, талап аткарылмайынча жатканыбыз жаткан, ушул жерде турганыбыз турган. Артка жол жок бизге. Астыга болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» кабарчысы жолуккан пикетчилердин билдиргендерине караганда, Жогорку cоттун имаратынын ичинде отургандардын кыйласы ачкачылык чараларын башташты. Мындай кадамга баргандардын биримин деп өзүн тааныштырган Гүлбайра аттуу шайлоочунун айтымында, ачкалык жарыялагандарга дарыгерлер байкоо жүргүзүп жатышат:

- Дарыгерлер келип атат. Күндө келип текшерип атат. Бу жерде ачкачылыкта отурган адамдар ичинде көп. Көп ичинде, 30дан ашат го. Мен 28-апрелден баштап жарыялап атам.

Имараттын эшигин Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарууга алып тургандыктан, имараттын ичинде ачкалык жарыялап отургандардын баары менен көзмө-көз жолугушуу мүмкүн болгон жок.

Нааразы шайлоочулар Жогорку cоттун имаратын 22-апрелде ээлеп алышкан. 25-апрелде Жогорку cоттун төрагасы Курманбек Осмонов президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин наамына кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга аргасыз болгон. Бакиевдин сунушуна ылайык бул маселени парламент 29-апрелде карап, бирок, кворум жок деген негиздеме менен арызды бул ирет канагаттандырбай калды. Мындай жагдайды нааразы тарап үстөл талаш менен алышкан бийлик өкүлдөрүнүн атайын жасаганы деп баалашты:

- Элди алдап атышат. Алар эми Бакиевге да, Жогорку Кеңешке да ишенбей калышты. Анан кайдагы шайлоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн? - дейт Жонушева Майрам.

Ал эми өзүн элдин өкүлү катары тааныштырган Сагынбаев Эсендин пикиринде:

- Жогорку Кеңеш өздөрүнчө сүйлөшүп туруп, мунун талабын кабыл албай, өткөрбөй, мына 12 күнгө тарап кетишти. Эми булардын максаты эмне? Ушул элде нааразычылык болуп туруп, өкмөт менен тытыша берсин деп туруп кетип атат.

Жогорку Кеңеш Курманбек Осмоновдун арызын карап жаткан учурда имаратка 200 чамалаш нааразы шайлоочу келип:

- Жогорку Сот кетсин! Ажибраимова кетсин! Акназарова кетсин! Гафуров кетсин! Кулматова кетсин! Осмонова кетсин! Жогорку Сот кетсин! Толугу менен кетсин!
деген өңдүү талаптарды коюп, кыйкырып турушкан.

Жогорку cоттун алдында 30-апрелде акциясын уланткандар эми 12-майга чейин алардын талабы канагаттандырылбаса, парламенттин имаратын басып алууну болжошууда. Мындай көрүнүштөрдү жактабай тургандыгын ушул эле күнү КДК саясий партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди:

- Соттун имаратын ээлеп алып киргизбей коюу – бул демократия эмес, аша чапкандык. Себеби, мамлекетте үч бийлик бутагы болсо, алардын бир бутагы – сот бийлиги. Эгер мамлекеттин үч бутагынын бир бутагын жөн эле басып алып отура бергенде –мамлекетте бул өзгөчө кырдаал деп эсептелиши керек. Ошого биз саясий да, укуктук да маани бербей атабыз. Албетте, сот деген бизде - сатылган сот. Сот - көз каранды сот. Ага каршы аргумент айтыш кыйын. Бирок, аны кетирүү жолу такыр башка.

Жекшеевдин оюнда, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү керек:

- Аткаруу бийлиги, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Салиевич (Бакиев) тарабынан, парламент тарабынан тез аранын ичинде ошол ээлеп алган өкүлдөрдүн жетекчилери менен жолугушуу уюштуруш керек дагы алар соттор кандай мыйзамдын чегинде алмашат, реформа жүрөт дегенди абдан түшүндүрүп бериши керек. Ушул жагынан бийликтин кашаңдыгы көрүнүп турат.

Анткен менен аткаруу бийлик өкүлдөрү бардык маселелерди мыйзам чегинде чечүү мезгили келди деп эсептөөдө. Мындай пикирин Kоопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев 29-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG