Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

БАГДАДДАГЫ ЧАБУУЛ ӨЛКӨ КООПСУЗДУГУ ЖААТЫНДАГЫ ТЫНЧСЫЗДАНУУНУ КҮЧӨТТҮ


Жаңы өкмөт куралгандан бери үч күн бою Ирактын ордо шаарында зомбулук аракеттер улантылып келет. Бүгүн Багдаддагы күзөтчүлөрдүн бекеттеринин бири чабуул алдында калып, жоочулар бери дегенде беш ирактык полициячыны өлтүрүштү. Ушул эле күнү Багдаддагы техникалык коллеждин жанында да жардыруу болуп, бери дегенде төрт карапайым киши өмүрүнөн ажырап, беш киши жаракат алды.

Иракта «жаңы өкмөт куралды» деп жарыялангандан бери коопсуздук кырдаалы дагы эле олуттуу тынчсызданууну туудуруп келет. Соңку үч күндө эле Багдадда бери дегенде 15 жолу дүрмөт салынган машинелер жардырылып, ондогон кишилер өмүрүнөн айрылды.

Саясий күрөш жана соңку зомбулук аракеттер мусулман өлкөсүндөгү ар кыл агымдардын ич ара тирешүүсүн да курчутуп койгонсуду. Саясатчылар ушул тапта бийликте үстөмдүк кылган шийилер менен күрттөрдүн жана Саддам Хусейндин тушунда өкүмүн жүргүзгөн суннийлердин кызыкчылыктарын тең салмактоо үчүн далаалат кылып келишет.

Жекшемби күнү Багдаддагы күзөт жайлардын бирине жоочулар кол салып, беш ирактык полициячыны атып өлтүрүштү.

Дал ушул чабуулдан аман калгандардын бири – багдаддык полициячы Самир Абид (Thamer Abed) «Азаттыктын» кабарчысына бул окуя тууралуу мындай деп баяндады:

- Биз беткепчен куралдуу кишилер кол салган чакта бекетте кезметте турганбыз. Алар бизди көздөй ок жаадырышты, биз да аларга жооп кайтардык. Андан соң жоочулар бизди курчап алып, туш тараптан аткылап киришти. Көчөдө жүргөн эки полициячыны башка атып өлтүрүштү. Дагы эки киши өлтүрүлдү. Биз үй чатырына чыгып алган элек. Мен бутуман жарадар болдум, алар жанымдагы шеригимди да атып өлтүрүштү, анын денеси чатырдан кулап түштү.

Жекшембидеги дагы бир кол салуу – Багдадда АКШ аскерлеринин базасы катары кызмат кылып жаткан техникалык коллеждин жанында болду. АКШ аскерлерине каршы багытталган машине жардырылганда, Багдад шаар акимияты үчүн иштеген жумушчулардын жок дегенде эле төртөө набыт болду. АКШ аскерлеринин арасында жабыр тарткандар бар же жоктугун дароо тактоого мүмкүн болгон жок.

Бул соңку кол салууга күбө болгон ирактык полициячы Сармад Ибрахимдин (Sarmad Ibrahim) террордук чабуул жөнүндөгү кебин угалы:

- АКШ аскерлери алиги машиненин артынан кубалап келишти. Машине коллежге жакын калган чакта жардырылды. Беш мүнөттөн соң америкалыктар ал жерден кетип калышты. Америкалык жоокерлер бул машинеден шек санап жатышкан болчу. Акимияттын карамагында иштеген бечара жумушчулардын бир канчасы набыт болду. Алардын жети-сегиздейи жаракат алышты окшойт. АКШ аскерлери бул жайдан жардыруу болгондон беш мүнөт өткөн соң кайтып кетишти.

Ишембиде Фаллужа шаарында жоочулардын кол салуусунан улам ирактык үч карапайым киши набыт болгон.

Эки жыл илгери АКШ президенти Жорж Уокер Буш Ирактагы согуш аракеттери негизинен аяктады деп жарыялаган болчу. Соңку окуялар болсо салгылашуулар дагы эле бүтө электигин гана айгинелебестен, АКШ тарабынан машыктырылган жергиликтүү ирактык коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту тышкаркы күчтөрдүн, - АКШ аскерлеринин, - жардамысыз азырынча калыбына келтире албайт ко деген санааркоолорду күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG