Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Өтүп бараткан аптадагы урунт окуялар негизинен президент шайлоонун кам-чому, конституциялык реформага байланыштуу болду. Көпчүлүк үмүт кылган эки атаандаш президент шайлоого өз алдынча чыгышары маалымдалды. Ал арада Конституциялык кеңешме ишин баштады. Кыргызстан мындан ары кандай башкарууга өтөрү, жеке бийликтин тизгинин тартып, башкаруу жоопкерчилигин тең бөлүштүрүү зарылдыгы чоң саясий талашка түшүүдө.

Акыйкатта да аптанын олуттуу делген окуялары жалпысынан эки маселенин айланасында жүрүүдө. Дүйшөмбүдө «Арнамыс» партия жетекчиси шайлоого бара тургандыгын, башта убада кылгандай маселени жаңы өкмөт башчы менен макулдашып чечкенин жарыя кылды.

Журналисттер үчүн курган жыйында Феликс Кулов кызматын таштай качкан мурунку президент А.Акаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, саясий туткундан бошогон каршылашына Москвада жаткан экс-президент куттук айтканын маалымдады.

Айтса, «Арнамыс» партия жетекчиси менен экс-президенттин андай ысык мамилесинин артына катылган саясий сырдын жандырмагын Рина Приживойт «МСН» гезитиндеги «Кайыкты калтылдаткан ким?» деген макаласында чечип берди.

Автордун ырасташынча, кечээки каршылаштардын бүгүн минтип мамыр-жумур болуп калыш себеби алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу.

24-марттагы элдик ыңкылаптан кийинки көпчүлүктү кызыктырган түйүндүү суроо - негизги эки талапкердин кийинки аракетине байланыштуу болчу. Феликс Кулов Жогорку соттон толук акталып чыккандан кийин президенттик шайлоого барыш-барбашын К.Бакиев менен сүйлөшкөндөн кийин гана ачыкка чыгара тургандыгын айткан, мындай олуттуу маселени кеңешип чечерин билдирген.

- Мен үчүн бул өтөле оор маселе. Ал баарыдан мурда биздин өлкөдөгү элдин биримдиги менен бейпилдигин сактоого байланыштуу. Муну айтып аткан себебим, өлкөнүн туруктуулугуна таасир көрсөтө алчу биртоп жагдайлар бар. Менин шайлоого катышар-катышпасым күтүлбөгөн салаканы алып келбеши үчүн баарын жакшылап таразалап, Курманбек Бакиев менен кеңешип келишим туура болуп турат. Ушундан кийин гана чечим кабыл алам. Билесиңер, бул өзү жооптуу кадам.

Эки талапкер ортосунда кандай сөз болгонун Улуттук телекөрсөтүү аркылуу көрүүчүлөр суроосуна жооп берип жатып жаңы өкмөт башчысы К.Бакиев да атайын белгилей өттү.

Анын айтуусунда, Ф.Кулов менен К.Бакиевдин ортосунда оболу момундай сөз жүргөн экен.

- Мына ушул сиз менен бирге барып эл колдосо мен өзүмдүн штабым менен сизге барып жардам берип, сиз президент болсоңуз мен премьер-министр болоюн деп сөз болгон экөөбүздүн ортобузда. Бирок акыркы кезде ал киши андай убадасынан баш тартып атат. Кечээ биз жолукканда «мен деле коеюн, мамлекеттик стабилдүүлүк болуш үчүн мен деле коеюн, кандай дейсиз» дейт. Мен айттым, «ал ар бир граждандын өзүнүн укугу, сиз коюң, мен коеюн, мен коеюн деген дагы 5 –6 киши чыгар, 10 – 15 киши чыгар. Эч кимди айта албайсың койбо деп».

Бирок, биз экөөбүз жигитче сүйлөштүк. Бара турган болсок шайлоодон кийин жеңилип калган кандидат болсо элди көчөгө алып чыкпай, элге акча бербей, элдин добушун сатып албай, таза шайлоодо таза күрөшөлү деп экөөбүз сүйлөштүк. Эми кандай болот – аны убакыт көрсөтөт.


Апта башында кыргыз парламенти Конституциялык кеңешти чакыруу, аны түзүү маселесин карады. Депутаттар демилгени колго алып Конституция кеңешине өз катарынан 37 эл өкүлүн чыгарды.

Жаңы түзүмдүн жетекчилигине парламент спикери Өмүрбек Текебаев шайланды. Аткаруу жана сот бийлигинен ондон өкүл кирген Конкеңешке саясий партия менен бейөкмөт уюмдардан 57 өкүл кирди.

Буга чейин оголе көп оңдоо-түзөтүүлөрдү башынан кечирген Башмыйзам эми дагы бир ирет кыргыз саясатчыларынын элегинен өтөрү ачыкка чыкты. Октябрь айына чейин Конституциялык кеңеш негизги өзгөртүү, алымча-кошумчалардын башын ачып, аны калк алдына талкууга алып чыгышы керек.


Ал арада парламент шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон шайлоочулардын биртобу Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Буга чейин мындай өктөм талаптын кыйласын бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн оголе көп уккан Курманбек Осмонов Жогорку сот имараты нааразы болгондордун колуна өткөнүн көрүп туруп кызматтан кетүү тууралу арызын жазып берди.

24-марттагы ыңкылаптан кийин күтүүсүз бийликке туш келген оппозицияны укуктук жагынан колдоп, мурунку кош палаталуу парламенттин иштөөсүнө жол ачып берген Жогорку сот төрагасы жаалданган көпчүлүктүн өктөм талабы менен кызматтан кетүүгө мажбур болду.

Базар күндөн дүйшөмбүгө караган түнү Өзгөндөн Жалалабадка келаткан канжолдо капилет кырсыкка кабылган 13 жаран мүрт кетип, аман калгандары ооруканага жеткирилди.

Апта башында Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы Кыргызстан элдик кыймылынын катарынан чыга тургандыгын жарыя кылды. Партиянын мурдагы төрагасы Виктор Черноморец саясий көз карашынан тайбастыгын ырастап, жаңы бийлик жетекчилерин колдой тургандыгын ачык айтып, партия катарынан чыкты.

Демократиялык Кыргызстандагы эң таасирдүү саясий күч президент шайлоого өз талапкерин алып чыга тургандыгын жарыя кылды. Окуялардын кийинки жүрүшү көрсөткөндөй, КДК партиясы президентикке талапкер катары өз жетекчиси Жыпар Жекшеевди көрсөттү.

Элдик ыңкылаптын деми менен саясий сүрдымактын күнү тууган Кыргызстанды кооптондурчу жагдай - чек ара жанындагы айыл-кыштактарга, талаштуу жерлерге коңшу өлкөлөрдүн жарандары ээ чыгып, эгемен өлкөнүн аймагын басып алуу фактылары парламент жыйынында талкууга алынды.

Парламент мүчөлөрү бул маселени жеринде иликтеп, жыйынтыгын депутаттар отурумунда билдирүү чечимине келип атайын комиссия түздү. Кыргызстан менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда оголе көп жерлердин кимге тиешелүү экени азырынча тактала элек.

24-марттагы окуялардан кийин көпчүлүктүн көңүлүн бурган маселе - кызматын таштай качып кеткен экс-президент А.Акаевдин үй-мүлкү, ага тиешелүү делген ишканалардын тизмеси мурунку 42 деген сандан дагы арбып, жетимиштен ашып кеткенин 26-апрелде Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров билдирди.

Бул арада айтылуу «Мээрим» фондуна карата кылмыш иши козголгону ачыкка чыкты. Кайрымдуулук тилегин билдирип келаткан фонд жетекчилиги мыйзамга сыйбас биртоп иштерге аралашып калгандыгы билинип, аны тактап, аныгына жетүү милдети коюлган.

10-июлга белгиленген президенттик шайлоону утурлап мурунку Кыргызстан элдик кыймылы, Эл биримдиги координациялык кеңештин тутумундагы саясий күчтөр чогулуп 26-апрелде жаңы өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдогон штаб түзүштү. Анын жетекчилигине белгилүү коомдук жана саясий ишмер Кулубек Бөкөнбаев, орунбасарлыгына КДК партиясынын экс-жетекчиси Виктор Черноморец шайланышты.


27-апрелде мурдагы өкмөт башчы, «алтын чатагынын» айынан кызматынан кетишке мажбур болгон Турсунбек Чыңгышев 1993-жылы Аскар Акаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү жана буйругу менен 1 тонна 800 кило ашуун кыргыз алтыны Швейцарияга чыгарылып кеткенин маалым кылды.

«Легендарлуу парламенттин» «алтын чатагы» боюнча иликтөөсү, айныксыз аргументтерге жооп таба албаган Аскар Акаевдин парламент мүчөлөрү алдында Израилден алынып келинген ок атуучу куралдарды көрсөтүп, оңор эмес акчалар коопсуздук маселесин чечүүгө жумшалганын улам-улам ырастаганы көпчүлүктүн эсинде болуу керек.

Башкы прокуратура ушу тапта Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен алтындын чоо-жайын иликтөөгө киришти. Азырынча Швейцария банкына кыргызстандыктардын көбүнө тааныш айтылуу Бирштейндин учагы менен ташылып жеткирилген алтындын дарек-дайны белгисиз.


Парламент шайоонун жыйынтыгына нааразы болгон шайлоочулардын биртобу бул күнү Жогорку сот имаратын басып алышты. № 59-Чүй, № 6-Асанбай, № 21-Токтогул, № 27-Базаркоргон-Сузак шайлоо чөлкөмдөрүнүн нааразы болгон шайлоочулар тобу непадам өтүнүч-талаптары аткарылбаса мындан да опуртал кадамдарга барышарын, деле болбосо Жогорку Кеңеш имаратын басып алууга деле кайыл экенин айтышууда.

Кыргызстандын коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев элдик ыңкылаптан кийин «пикетчи» деген кесип пайда болгонун, аны кимдер көкүтүп, кимдер каржылап атканы коопсуздук кызматкерлерине дайын экенин айтты. Азырынча жаңы бийликтин жумшак эскертүүсүн эске алган адам көрүнө элек. Айтса, бул күнү темир жолчулар саясий ачкалык жарыялашты.

Мурунку президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү делген ишканалардын саны 78 чыкты. Башында демократиялуу мамлекеттик куруу демилгесин жактаган президенттин жүрө-жүрө кантип өлүү дүйнөнүн кулуна айланып кеткенин Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров ачыкка чыгарды.

Ал арада Конституциялык кеңеш өз ишин баштады. Аны Конституциялык кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн уксак.

- Талкуулардын жүрүшүндө негизги багыт аныкталып калды. Менимче, талаш-тартыштар дагыле жүрө берет, анын натыйжасында биз кандай өлкөдө жашарыбыз так билинет. Жакынкы айларда элдин көбүнүн көңүлүнө жаккан пикир, сунуштар мыйзам түрүнө келип, биз аны президенттикке талапкерлерге, жаамы журтка сунуш кылабыз.



Аптанын дагы бир олуттуу жаңылыгы» - Арнамыс» партия жетекчиси менен айтылуу дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин жолугушуусу болду. Аз илгери Ф.Кулов менен К.Бакиевди Акаевдин кадрлары, жаңы муунга жарашпас талапкерлер катары сыпаттаган айтылуу дарыгер Ж.Назаралиев «Арнамыс» партия жетекчиси менен шайлоо алдында бирге чыкпастыгын, ортодо тек таймашты таза, калыс өткөрүү тууралуу гана сөз болгонун ырастады.

- Тандем болбойт. Ар бирибиз өз-өзүбүзчө кетебиз. Аны убакыт көргөзөт. Ал жөнүндө сөз болду. Бирок аны мен да, Кулов дагы колдогон жокпуз. Биринчиден, мамлекеттик комиссиялардан өтүү милдети турат. Андан кийин болсо убакыт көрсөтөт.

29-апрелге караган түнү президенттикке талапкер Баяман Эркинбaевге кол салуу болгону, мурдуна ок жеген парламент депутаты кандайча аман калганы журналисттер үчүн өткөрүлгөн жыйында маалымдалды. Парламент бул күнү кесиптешинин оор абалынан улам күч министрликтеринин маалыматын укту.

Депутаттар алдында Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаев, Коопсуздук кызмат жетекчисинин милдетин аткарып аткан Таштемир Айтбаев маалымат беришти.

30-апрелде президент милдетин аткаруучу өкмөт башчы Курманбек Бакиев Улуттук телекөрсөтүү аркылуу чыгып сүйлөдү.

- Бүгүн да президенттик шайлоонун алдында көптөгөн адамдар элди бөлүп-жарууга аракеттенишүүдө. Бизде түндүктүн же түштүктүн талапкери деген түшүнүк болбошу керек. Татыктуулуктун бир гана чен-өлчөмү болушу зарыл. Ал адам өлкөнү башкара алабы, муну кандай жасашты билеби, адамдардын үмүтүн актай алабы? Ушул гана негизги чен-өлчөм. Ал эми түндүк-түштүк, батыш же чыгыш деп топтой баштаган адамдар эсине келип өлкөнү бөлүп жаткандыгынын жоопкерчилигин сезе билүүгө тийиш. Президенттик шайлоо ажырымга, жаңжалдарга алып келбестен, жалпы улуттук биримдикке кызмат кылууга тийиш. Парламент шайлоодогу окуялар эле бизге жетиштүү болду. Эсибизге келип балдарыбыздын, элибиздин келечегин ойлоп, алар бейпил, бакубат жашоосу үчүн ойлонууга убакыт жетти.

Элдик ыңкылаптан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. А.Акаев режиминен кутула баштаган кыргыз коомунун алдында келечекти аныктап алуу милдети турууда. Жеке бийликтен жедеп көңүлү калган кыргыз коому ушу тапта парламенттик республикага өтүү идеясын алдыга жаюуда.

Жаңы өкмөт башчысы күчтүү өкмөт, күчтүү парламент, күчтүү президент бийлигин жактыра тургандыгын ачыкка чыгарды. Буга чейин жалгыз президент бийлиги гана күчтүү экенине ынанып алган кыргыз коому күчтүү парламент менен күчтүү өкмөт кандай болорун азырынча ачык элестете албай турат.
XS
SM
MD
LG