Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

2-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын-ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 2- майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым аймактарда күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус жылуу.
Чүй, Ош, Жалалабат, Баткен облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29 градус ысык.

Нарын аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус.
Көл кылаасында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус жылуу.

Бишкек шаары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз күн ачык болуп +26...+28 градус жылуу болот.

Күндүн узактыгы 14 саат 08 мүнөт.

XS
SM
MD
LG