Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Италия чалгындоо офицеринин иши боюнча өзүнүн отчетун жарыялайт


Италиянын тышкы иштер министрлигинин интернет баркачасында жарык көргөн маалыматка ылайык, Рим 4-мартта Багдадда орун алган окуяга карата өз көз карашын билдирмекчи. Италиянын чалгындоо органдарынын офицери Никола Калипари жана анын жардамы менен барымтадан бошотулган журналист Жулиана Згрена аэропортко кетип бараткан жеринен аткыланып, офицер мерт кетип, кабарчы жарадар болгон эле.

Кечээ АКШнын аскерий өкүлдөрү таркаткан докладда Калипаринин автомашинасы текшерүү пунктунда өтө ыкчам бараткан, америкалык жоокерлер болсо жаңылыш эч нерсе жасашкан эмес деп айтылат. Окуяны иликтеген биргелешкен топко кирген италиялык 2 эксперт америкалык тараптын жыйынтыктарына кол коюуудан баш тартышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG